2025-жылдын 18-ноябрында Бишкекте “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүгүнүн координациялык сессиясы болуп өттү. Ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, эксперттердин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын максаты – 2026-жылга карата аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча кызыкдар тараптардын ишмердүүлүгүн макулдашуу жана координациялоо.
Иш-чаранын уюштуруучулары – Өнөктөштүктүн уюм-мүчөлөрү болушту: Өнүктүрүү саясат институту, КР жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы. Өнөктөштүк Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди бириктирүү жана биргелешип ишке ашыруу максатында түзүлүп, Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосунда ишке ашырылып келет.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Швейцария үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат, анткени биз аны мамлекеттик кызматтарды сапаттуу көрсөтүүнүн жана жарандардын активдүү катышуусун камсыздоонун эң эффективдүү жолдорунун бири деп эсептейбиз. 2023-жылдан бери биз актуалдуу маселелерди, анын ичинде административдик-аймактык реформа, аймактарды өнүктүрүү жана аялдардын лидерлигин илгерилетүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө жардам берген Өнөктөштүккө колдоо көрсөтүп келебиз. Бүгүнкү күндө биз тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүү сыяктуу жаңы чакырыктар алдында турабыз. Бул координацияланган иш-аракеттерди талап кылат. Ошондуктан биз Экономика жана коммерция министрлиги менен Өнөктөштүктүн региондорду тең салмактуу өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бул чөйрөдөгү жигердүү кызматташтыгын көрүп жатканыбызга кубанычтабыз”, – деди Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Мамлекеттик башкаруу программалар бөлүмүнүн башчысы Рено Винье.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү негизги кызматташтык багыттары сунушталды:
“Биздин Өнөктөштүк менен болгон кызматташуубуз комплекстүү мүнөзгө ээ болуп, ал адистештирилген эксперттик колдоону, эл аралык тажрыйбаны, консультациялык жардамды, окуу материалдарын жана тренерлерди иштеп чыгууну, ошондой эле кеңири маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн камтыйт. Өнөктөштүк ошондой эле жаңы божомолдоо методологияларын киргизүүгө, санариптик пландаштыруу модулдарын түзүүгө, тармактар аралык Координациялык кеңештерди өнүктүрүүгө жана аймактарды өнүктүрүүнү башкаруунун улуттук системасын түзүүгө, анын ичинде даректүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу үчүн аялуу индексин түзүүгө көмөктөшөт”, – деди Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искандарбек Маматов.
Мындан сырткары, иш-чарада аймактарды жана ЖӨБдү өнүктүрүүгө байланышкан башка актуалдуу маселелер, ошондой эле мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташуунун маанилүү багыттары да талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар аймактарды жана ЖӨБдү өнүктүрүү тармагында ишмердүүлүктү координациялоо, кызматташтыкты күчөтүү жана өлкөдө аймактарды жана ЖӨБдү өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында күч-аракеттерди бириктирүү жөнүндө бир пикирге келишти.