2025-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында жана 13-ноябрында Каракол шаарында Өнүктүрүү саясат институту тарабынан фокус-топтор өткөрүлдү. Иш-чараларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Финансы министрлигинин биргелешкен демилгесинин алкагында уюштурулуп, өлкөдөгү аралык бюджеттик мамилелердин абалын баалоону жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууну көздөгөн.
Фокус-топтордун негизги максаты – жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу процессинде жаралган актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоо, ошондой эле аралык бюджеттик трансферлердин механизмин өркүндөтүүгө, ЖӨБОлордун каржылык эркиндигин чыңдоого жана борбордук менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы координацияны жакшыртууга багытталган практикалык сунуштарды иштеп чыгуу болду. Өзгөчө көңүл бюджеттик процесстин ачыктыгына, трансферлердин өз учурунда берилүүсүнө, муниципалитеттердин инвестициялык ресурстарга жеткиликтүүлүгүнө жана ЖӨБО кызматкерлеринин каржыны башкаруу жөндөмүн жогорулатууга бурулду.
Жалпысынан эки фокус-топко мамлекеттик органдардын 41 өкүлү, анын ичинде 25 аял катышты. Бардык катышуучулар мындан аркы консультацияларды улантууга даяр экендиктерин билдиришип, Кыргызстандын аймактарынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн алдыга жылдырууда ачык диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Фокус-топтор Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын алкагында өткөрүлдү.
