Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук администрациясы жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Туризм Башкармалыгынын ортосунда кол коюлган Кызматташтык тууралуу меморандумдун алкагында туризм, маданият жана ишкердик чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле эки өлкөнүн маданий баалуулуктарын сактоо менен алга жылдыруу аракеттери максат катары коюлду.
Тактап айтканда, кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөр:
Исакова Алина, "Ак-Турпак күрүч" ЖЧК, жеке ишкер:
“Бүгүнкү маданий фестиваль – биздин район үчүн чоң мааниге ээ болчу. Анткени ал улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен бирге, ишкерлер үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Мен ишкер катары мындай инвестициялык форумдардын өтүшүн колдойм, анткени бул – бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү, продукцияны экспортко чыгаруу жана региондун экономикасына салым кошуу үчүн эң сонун платформа. Бүгүнкү форумдун жыйынтыгы менен биз өз аракеттерибиз аркылуу Кадамжай районунун туризм, кол өнөрчүлүк жана айыл чарба тармагындагы потенциалын көрсөтүп, Фергана облусунун жаш ишкерлери менен кызматташтык мамилелерди чыңдоого багыт алдык. Бүгүн бизде жаңы бизнес-байланыштар түзүлдү – башка аймактардагы ишкерлер менен тажрыйба алмашуу жана кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү; сатуу рыногу кеңейди – өзүнүн продукциясын жаңы кардарларга таанытуу жана жаңы базарларга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду; ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрдү – маркетинг жана бизнес өнүктүрүү боюнча пайдалуу маалыматтарды жана жаңы идеяларды алдык. Ушундай иш-чаралар көп болсун, эл аралык деңгээлдеги кызматташтык улансын!”.
Аталган инвестициялык форум «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аталышындагы эл аралык маданий фестивалынын бир бөлүгү болгон. Фестиваль Баткен облусунун 26 жылдыгына арналып, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын[1] (СЭӨП) ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.
Фестивалдын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”, “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө” жарлыктарында кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын жана улуттук баалуулуктарын сактоо жана аларды дүйнөлүк белгиленген багыттарды турмушка ашыруу, улуттук аң-сезимди жана маданий мурастарды коомчулукка таанытуу, райондун туристтик жана инвестициялык имиджин жогорулатуу болгон.
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” фестивалын расмий ачып жатып, Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болот катышуучуларга райондун көп кылымдык тарыхын, маданий мурасын жана руханий байлыгын даңазалап, аны сактоо жана келечек муундарга жеткирүү, жана аны туризм багытындагы потенциалын көрсөтүп, региондун экономикалык жаткан өнүгүүсүнүн маанилүү кадамдарынын башталышы болгондугун белгилеп өттү.

“Урматтуу Кадамжай районунун жашоочулары, кадырлуу коноктор, фестивалдын катышуучулары! Урматтуу мугалимдер, эже-агайлар жана жеке ишкерлер! Сиздерди бүгүнкү өзгөчө мааниси бар майрам – Баткен облусунун түзүлгөнүнүн 26 жылдыгы, жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» эл аралык маданий фестивалы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ошондой эле бул салтанаттуу күн Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен дал келип, бүгүнкү майрамдын мазмуну дагы да тереңдеп, өзгөчө руханий мааниге ээ болууда.
Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгынын алкагында, Айдаркен шаарында өтүп жаткан бул фестиваль аркылуу улуттук аң-сезимибизди, маданиятыбызды, салт-санаабызды жана тилибизди дүйнөгө таанытып, келечек муунга мурас катары калтырууга багытталган ыйык иштерди жүргүзүп жатабыз. Бул уңгужол – бул жөн эле ураан эмес. Бул биздин улут катары дүйнөлүк маданият тарыхында өз ордубузду ээлөөгө жасаган чечкиндүү кадамыбыз. Улуттук дем – бул биздин элибиздин тарыхый эс тутуму, нарк-насили, руханий байлыгы. Ал эми дүйнөлүк бийиктик – бул ошол дөөлөттөрдү заманбап дүйнө менен айкалыштырып, улуттук өнүгүү жолунда тайманбай алга жылуу.
Ушул багытта билим берүү кызматкерлеринин, мугалимдердин ролу өзгөчө. Ар бир мугалимдин эмгеги аркылуу биз келечекти курабыз. Ар бир сабак, ар бир тарбиялык сөз – бул өлкөнүн пайдубалы.
Урматтуу мугалимдер, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктап кетким келет! Сиздердин билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы талыкпаган эмгегиңиздер коомубуздун бүгүнүн гана эмес, эртеңин да аныктайт. Сиздерге терең ыраазычылык билдирем! Бүгүнкү фестиваль ар бирибиз үчүн улуттук маданият менен руханий көтөрүлүшкө багытталган чоң таасирге ээ болот деп ишенем. Ошондой эле бул иш-чара эл аралык достукту бекемдеп, туризм, кайра иштетүү, айыл чарба жана жашыл экономика тармагында тажрыйба алмашуу, регионалдык өнүгүү жана чыгармачылык биримдикти түзүү үчүн зор аянтча болуп берет.
Урматтуу коноктор, урматтуу жердештер, сиздерди дагы бир жолу Баткен облусунун мааракеси жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» фестивалы менен куттуктайм! Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, тынчтык, биримдик жана ийгиликтерди каалайм!
Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктикке жетелеген жол! Майрамыбыз кут болсун! Ынтымагыбыз бекем, келечегибиз жарык болсун! Улуттук баалуулуктарды сактоо аркылуу заманбап келечек куралы!” – деди аким Баяке уулу Болот.
Иш-чарага райондун акими менен катар шаар мэрлери, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары, райондук спорт, маданият, билим берүү тармагынын жетекчилери, жергиликтүү ишкерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мугалимдер, мектеп директорлору, аялдар кенешинин өкулдөрү, Фергана өрөөнүнөн келген жаш ишкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү – бардыгы болуп 500дөн ашык адам катыштып, алардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзүп – 400дөн ашуун – жаштар дагы, чет элдик делегациялардын өкүлдөрү да болду.
Фестиваль Кадамжай районунун каада-салты, улуттук тамак-ашы, “Этноайыл” кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, жеке ишкерлердин жарманкеси, жаш муундардын чыгармачылыгы, спорт оюндары, илимий-практикалык конференция жана инвестициялык форум аянтчаларында тажрыйба алмашуу форматтарында өтүп, ал туристтерди тартууга, региондун өнүгүшүнө инвестиция жасоого, региондун жазгы-кышкы туристтик потенциалын дагы да күчөтүүгө зор мүмкүнчүлүк экенин тастыктады.
[1] Кадамжай районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө ишке ашырылган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” (EGED) Программасынын алкагында КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан бекитилген жаңы методикага ылайык иштелип чыккан. Райондун СЭӨПү тууралуу кененирээк: http://municipalitet.kg/ky/article/full/3683.html