"Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет" конкурсунун жыйынтыгы.

23.10.2025 21:47
"Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет" конкурсунун жыйынтыгы.

23-октябрда өлкөнүн Тарых музейинде салтанаттуу маанайда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте “КРде ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн”

Өнөктөштүгүнүн алкагында “Жергиликтүү коомчулук үчүн жергиликтүү бюджет” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

Жеңүүчүлөр:

1-орун - Кара-Бүргө айыл өкмөтү, Ак-Талаа р-ну, Нарын облусу - 300 000 сом;

2-орун - Чүй обл., Москва р-ну, Миң- Булак айыл өкмөтү - 250 000 сом;

3-орун - Жалал-Абад обл., Тогуз-Торо р-ну, Каргалык айыл өкмөтү - 200 000 сом.

72 000 сомдон кызыктыруучу гранттарды: Кызыл-Октябрь АӨ (Кемин р-ну), Мады АӨ (Кара-Суу р-ну), Момбеков АӨ (Ноокен р-ну), Н. Исанов АӨ (Ноокат р-ну), Кыдыр-Аке АӨ (Ак-Суу р-ну), Кемин ш. мэриясы, Ак-Турпак АӨ (Кадам-Жай р-ну), Нарзан АӨ (Москва р-ну), Ак-Татыр АӨ (Баткен р-ну), Кулатов АӨ (Ноокат р-ну) алышты.

30 000 сом атайын сыйлык Миң-Булак айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджетти түзүүгө жана 2026-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө гендердик сезимтал мамиле жасагандыгы үчүн ыйгарылды.

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү Швейцария Өкмөтү тарабынан колдоого алынган, ага Өнүктүрүү саясат институту, КР ЖӨБ Союзу жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы кирет.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана бардык катышуучуларга күчтүү идеялары жана жергиликтүү жамааттары үчүн жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Конкурстук комиссиянын протоколун БУЛ жерден жүктөп алууга болот