Иш-чараны Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен кызматташтыкта райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында уюштуруп, ишке ашырды1.
Иш-чаранын максаттары:

Конференцияга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, окумуштуулар жана илимий кызматкерлер, бизнестин өкүлдөрү жана ишканалардын жетекчилери, жарандык коом уюмдары жана жергиликтүү жамааттар, орто билим берүү мекемелеринин директорлору жана мугалимдери чакырылган. Катышуучулардын жалпы саны 260тан ашуун адамды түздү (анын ичинде 117 аял).
Чакырылган коноктордун урматына Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясы көргөзмө-жарманке уюштуруп, райондун инвестициялык жагымдуулугу жана мүмкүнчүлүктөрү темасында баяндама жасады.
Конференциянын катышуучуларынын жана конокторунун алдында Ат-Башы районунун акими Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат ТАГАЕВ, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ, коомдук ишмер жана меценат, “Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар САЛЫМБЕКОВ, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин директору, профессор Тилек ИСАБЕКОВ жана “Манас” Кыргыз улуттук театрынын директору Нурбек ТАЛАНТБЕКОВ сөз сүйлөштү.
Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сталбек НАРЫНДЫКОВ: “Бүгүнкү “Улуу тарых, улуу тоолордун улуу баалуулуктары” деген теманын өзөгүн ата-бабаларыбыздын бай мурасы жана жаңы мүмкүнчүлүктөр түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган тарыхый объектилер биздин мекенибиз байыркы цивилизациянын бир бөлүгү болгонун далилдейт. Биздин тарыхыбызда эртеңки күндүн мүмкүнчүлүктөрүн ачкан баалуулуктар сакталып калган. Бизнестин, жергиликтүү бийликтин жана жергиликтүү жамааттын биргелешкен күч-аракети менен биз Ат-Башыны регионалдык гана эмес, ошону менен бирге дүйнөлүк деңгээлдеги ишкердик жана маданий борборго айландырабыз. Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан Кошой-Коргон, Чеч-Дөбө жана Таш-Рабат кербен сарайлары өңдүү уникалдуу табигый өзгөчөлүктөрдүн жана тарыхый эстеликтердин аркасында биздин район дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерди өзүнө тартууда. Ал эми Кытай менен чектешкен биздин райондун географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу, өзүнүн аймагында логистикалык борбору бар жана Улуу Жибек Жолунун (Жибек Жолу) боюнда жайгашуусу бизге ар тараптуу өнүгүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат. <…> Биздин максатыбыз – тарыхыбызды сактап калуу, ошол эле учурда заманбап туризмди өнүктүрүү аркылуу элге жеткирүү. Ал эми бул өз кезегинде жаңы жумуш орундарын түзүү, жаштарды жумуш менен камсыз кылуу жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы булактарын түзүү дегенди билдирет. Учурдан пайдаланып, бардыгын бул багытта күч-аракетти бириктирүүгө чакырам. Себеби тарыхты сактап калуу менен гана келечекти кура алабыз!”.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучуларга Ат-Башы району тууралуу тасма көрсөтүлүп, төмөнкү темаларда баяндамалар жасалды:
Конференциянын иши андан ары тематикалык секцияларда улантылды, алардын бири тарыхый жана адабий мурастарды изилдөө аркылуу маданий туризмди өнүктүрүүнүн өңүттөрүн карады; ал эми экинчисинин катышуучулары Ат-Башы аймагынын тарыхый-маданий ресурстарын аймактын экономикалык өнүгүүсү үчүн инвестицияларды тартуунун өзөгүнө кантип айландыруу керек деген суроого жооп издешти. Сессиялар 16 тема боюнча баяндамаларды камтыды, анын соңунда катышуучулар райондогу жаңы тарыхый фактыларды кантип туристтик промо-продукцияга айландырса болорун талкуулашты; тарыхый жана архитектуралык эстеликтерди сактоо жана жайылтуу боюнча кандай аракеттерди көрүүгө болот; университеттер жана жергиликтүү орто билим берүү мекемелери (мектептер) кантип кызматташа алышат; чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды кантип жакшыртууга болот; жеке инвесторлорду кантип тартса болот жана мүмкүн болушунча туризм чөйрөсүндө жергиликтүү бийлик менен бизнестин ортосундагы кызматташтыкты жана өнөктөштүктү кантип өнүктүрсө болот деп сүйлөштү.
Талкуунун аягында коомдун, бизнестин жана бийликтин келечектеги биргелешкен күч-аракеттер үчүн артыкчылыктарды белгилеген Резолюция кабыл алынды: Ат-Башы шаардык комплексин реставрациялоо; тарыхый мурасты сактап калуу; жаш муундарды тарбиялоо; маданиятты жана улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү; илимий-практикалык кызматташтык жана өнөктөштүк; туризмди өнүктүрүү; экономикалык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу. Резолюцияда, атап айтканда, Ат-Башы районунун туристтик жана тарыхый дараметин ар тараптан сүрөө, аймактын экономикасынын өсүшүнө көмөк көрсөтүү, мамлекеттик бийлик органдарынын, бизнестин жана эл аралык донордук уюмдардын ортосундагы төмөнкү багыттар боюнча кызматташуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүү сунушталды:
Конференциянын жыйынтыгын чыгарып жатып, Ат-Башы районунун акими Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ катышып жаткандарга ыраазычылыгын билдирди: “Конференция ийгиликтүү өттү, абдан келечектүү сунуштарды, багыттарды камтыган резолюция кабыл алынды. Мындай иш-чаралар, тандалып алынган жолду улантуу, биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз келечекте сөзсүз өз жемишин жана жыйынтыгын берет деп ишенем. “Бүгүнкү аракет – эртеңки келечек” дегендей, улуу тарыхыбызды уланткан чыныгы жолубуз бейпил жана келечектүү болсун!”.
Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сталбек НАРЫНДЫКОВ өз кайрылуусунда тарыхый-маданий мурас объекттерин сактап калуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи: “Биздин райондо Кошой-Коргон, Таш-Рабат кербен сарайы сыяктуу маанилүү тарыхый объекттер бар. Бул эстеликтер биздин улуттук сыймыгыбыз жана өзгөчөлүгүбүздүн объектилери! Алардын дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтерди тартууга жана Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө олуттуу дарамети бар!”.
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ буларды баса белгиледи: “Бүгүнкү конференция бир нерсени көрсөттү: Ат-Башы – бийик тоолордун жери гана эмес, бул улуу тарыхтын жана улуу адамдардын жери. Бизде болгон бардык нерсе – каада-салтыбыз, маданиятыбыз, руханий дөөлөттөрүбүз – келечектеги өнүгүүнүн негизи болушу керек! Тарыхты сактап, аны заманбап туризм, бизнес жана билим берүү менен айкалыштырсак, Ат-Башы бүтүндөй өлкөнүн өнүгүү борборуна айланат. Бийликтин, илимдин жана элдин биримдиги районго жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачсын! Себеби, өткөндү сактап калуу менен биз келечекти курабыз!”
[1] Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бекиткен жаңы методикага ылайык, Улуу Британиянын Өкмөтү Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыкта каржыланган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED) колдоосу менен иштелип чыккан. Анын өзөгүн бизнес жана калк менен диалог түзөт. Программаны ишке ашыруу башталгандан бери район “Органикалык аймак” статусун алып, кластердик принцип боюнча өнүгө баштады. Туризм тармагында “Көл-Суудагы кыш”, “Кыргыз даамы”, “Кыргыз көчү”, “Кыргыз шырдагы” фестивалдары уюштурулуп, бул райондун туристтик дараметин жандандырды. Кененирээк: http://municipalitet.kg/ru/archive/full/271.html