Ага КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, МКЖӨБМАнын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, калдыктарды иштетүү жаатындагы эксперттер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. Швейцария Өкмөтү каржылаган бул долбоорду HELVETAS уюму Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырууда.
Долбоордун эксперти Гүлнара Саякбаева Коммуналдык калдыктарды чогултууга жана ташып чыгарууга тарифти эсептөөнүн тартибинин долбоору менен тааныштырды. Бул тартип калдыктарды топтоо нормативдерине негизделип, кызмат көрсөтүүчүнүн бардык чыгымдарын жана рентабелдүүлүгүн камтыйт, бул болсо өз кезегинде кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана жеткирүүчүлөрдүн туруктуулугуна оң таасирин тийгизмекчи.
Коммуналдык калдыктардын тизмегинин долбоорун иштеп чыгуучу Наталья Байдакова баяндама жасады. Байдакова белгилегендей, Коммуналдык калдыктардын тизмеги аларды туура чогултуу, сорттоо жана андан ары утилдештирүү үчүн керек. Бул болсо өз кезегинде айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга, баалуу экинчилик ресурстарды жана чийки заттарды алууга, ошондой эле көмүүгө жиберилген таштандылардын көлөмүн азайтууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун координатору Нуржан Кожошева XXI кылымда уруксатсыз таштанды полигондору болбошу керектигине өзгөчө токтолду, ал ошондой эле тегерек столдун катышуучуларына “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамына серептин жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Бул мыйзам кабыл алынгандан бери эки жылдан ашык убакыт өттү. Мыйзам толукталып иштелип чыгууга тийиш, себеби анда коммуналдык калдыктарды иштетүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик бийлик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары так аныкталган эмес, башка ченемдик укуктук актылар менен карама-каршылыктар бар жана анда айрым негизги түшүнүктөр ачылбай калган.
