Кеминдеги марафон: ден соолук, биримдик жана жергиликтүү демилгелер!

31.08.2025 15:00
31-августта Кемин шаарында бардык курактагы 60ка жакын катышуучунун башын бириктирген, эсте каларлык марафон өттү
Кеминдеги марафон: ден соолук, биримдик жана жергиликтүү демилгелер!

Бул шыктандырган окуянын демилгечиси – Кемин шаарынын мэриясы уюштурган жергиликтүү демилгелердин конкурсунда жеңүүчү болгон Иличбек Чуштуков.

Анын “Спорт – ден соолуктун булагы” деп аталган долбоору сунушталган үч идеянын ичинен мыкты деп табылып, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган. Марафон спорттун жана сергек жашоонун чыныгы майрамына айланды!

Акимдин орун басары Асел Жуманалиева марафонду өткөрүүгө өзгөчө колдоо көрсөтүп, өзү да аралыкка чуркап, шаардыктарды шыктандырды. 

Буга кошумча ар бир тургун жигердүү жашоо образын кармансын деп, Иличбек жергиликтүү демилгенин алкагында сейил бакта спорттук жабдууларды, теннис үстөлүн жана шахмат үстөлдөрүн орнотууну сунуштады. 

Демилге жергиликтүү бюджеттен толук колдоого алынып, Швейцария өкмөтү каржылаган “ЖӨБ органдарын өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында кошумча жардам алды.