Кеминдин дени сак келечегине карай жаңы кадам!

28.08.2025 20:00
Өлкөбүздөгү эң маанилүү майрамдардын бири болгон Эгемендүүлүк күнүн утурлай Өнүктүрүү саясат институту Кемин шаарынын мэриясы менен “Спорт – ден соолуктун кепили” аттуу чакан долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттык макулдашууга кол койду!
Кеминдин дени сак келечегине карай жаңы кадам!

 

Шаардын мэри Абдывалиев Кайрат Замирбекович жана инвестициялар боюнча адис Дүйшөналиева Зарина менен жолугушууда калаанын тургундарынын ден соолугун чыңдап, эс алуусун жигердүү өткөрүү үчүн негиз салдык. Массалык спортту өнүктүрүүгө жана ден соолукту бекемдөөгө багытталган долбоорду Кеминдин тургундары өздөрү демилгелеп чыгышкан. Жергиликтүү бюджеттен 141 700 сом бөлүнгөн – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү демилгелерди колдоо үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганынын ачык мисалы. 

“Кемин – өтө зор дарамети бар шаар, анда инфраструктура жигердүү өнүгүп жатат, кирпич, цемент, асфальт-бетон заводдору, ошондой эле күн электр станциялары курулууда. Жергиликтүү тургундардын идеясынан жаралган бул долбоор айрыкча өлкө үчүн өзгөчө бул маанилүү күнү биримдиктин жана сергек жашоого умтулуунун символу болуп калмакчы”, - дейт Кеминдин мэри Кайрат Замирбекович.

Шаардык паркта волейболдук тор, теннис столу жана шахмат столдору орнотулуп, 31-август Эгемендик күнүндө 3 км аралыкка марафон өткөрүлөт. Марафонго Кемин шаарынын тургундары – сергек жашоо образын жигердүү карманган жана өз шаарында массалык спортту өнүктүрүүгө умтулган ар кандай курактагы эркектер, аялдар, жаштар катышмакчы.

“Жергиликтүү бюджеттен каражаттын бөлүнүшү – бул аймактарды өнүктүрүүгө жасалган кадам. Мен шаар өнүгүп жатканына, ал эми жергиликтүү жамаат чечимдерди кабыл алуу процессине жигердүү катышканда администрация жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууда жергиликтүү тургундарга колдоо көрсөткөнүнө абдан кубанычтамын”, - деп кошумчалады ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда Добрецова. 

ӨСИ 14 ЖӨБ органы менен 16 гранттык макулдашууга кол койду, анын ичинде Чолпон-Ата шаарынын мэриясы жана Казыбек АӨ менен жалпы суммасы 1 255 214 сомдук эки макулдашуу түздү. Бул акча Швейцария өкмөтү каржылаган “ЖӨБ органдарын өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында өлкө боюнча жергиликтүү демилгелерди колдоого багытталат.