Жыйынды КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ачты. Ал сапаттуу статистика натыйжалуу сереп жана жүйөлүү чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп берерин баса белгиледи. “Статистика канчалык жакшы болсо, серептин жана башкаруучулук чечимдердин сапаты да ошончолук жогору болот”, - деп белгилеген Бактыбек Жапарович дайындарды чогултуу жана иштетүү системасын мындан ары өркүндөтүү зарылдыгына токтолду.
Кеңеш статистиканы пайдалануучулардын муктаждыктарын жакшыраак эсепке алуу үчүн түзүлгөн; ошондуктан Кеңештин мүчөлөрүнүн катарына жарандык коомдун жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү кирди.
Дайындарды борборлоштуруунун жана унификациялоонун зарылдыгын ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда Николаевна Добрецова да баса белгиледи. “Биз КР Экономика жана коммерция министрлиги менен аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү дайындар топтомуна инвентаризация жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө сүйлөшкөнбүз. 2025-жылы өлкөдө бир эле учурда аймактарды ар кандай максаттарда өнүктүрүү жөнүндө дайындардын бир нече топтому иштеп жатат: өнүгүүнүн акылдуу мониторинги, менеджерлерди баалоо, жергиликтүү өнүгүүнү пландаштыруу жана болжолдоо. Бул дайындар топтомдорунун 80% кайчылашып, кайталанат, бирок алар бир эле жол менен чогултулган жана айырмаланбайт деген ишеним жок. Санариптик чөйрө бизден стандартташтырылган мамилени талап кылууда. Көрсөткүчтүн өзү кандай максатта колдонулганына жараша өзгөрбөшү керек. Мисалы, жумуш орундарынын санында өсүш барбы же жокпу – бул маселеге колдонуунун контексти таасир этпеши керек. Ал эми өнүгүүнү болжолдоодо, бюджеттик субсидияларды бөлүүдө же жетекчини баалоодо сан бир болууга тийиш. Дайындардын топтому менен иштөөдө бирдиктүү мамиле жок, азыр аларды борборлоштуруу жана унификациялоо, санариптик чөйрөнүн таасири астында бирдиктүү стандарттарга жеткирүү зарыл. Дайындарга жеткиликтүүлүк жада калса айыл деңгээлинде да керек, бирок азыр ал жетпей жатат жана бул ишти кыйындатууда”, - деп белгиледи ал. Бул сөздөр жергиликтүү деңгээлдеги дайындарга чектелүү болгон жеткиликтүүлүк көйгөйүн жана бирдиктүү дайындар хабын түзүү зарылдыгын чагылдырат. Н.Добрецованын баамында, Улуттук статистика комитети ушундай хаб боло алат.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар стратегиялык демилгелер, анын ичинде 2025-жылы өтчү Айыл чарба каттоосуна даярдыктар каралды. Айыл чарба тармагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн маанилүү маалымат булагы боло турган бул масштабдуу иш-чарага даярдык көрүү кадамдары тааныштырылды. Мисалы, айыл чарба каттоосу ЖӨБ органдарына ар кандай категориядагы жерлерди пайдалануу, жайыттарга түшкөн жүк жана башка маселелер тууралуу реалдуу дайындарды алууга мүмкүнчүлүк берет.
Электрондук отчеттуулукту киргизүү жергиликтүү экономика, чакан жана орто бизнес үчүн чоң мааниге ээ. Улуттук статкомдун төрагасынын орун басары Эркин Көлбаев электрондук отчеттуулукту киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө кыскача отчет берди, бул бизнеске түшкөн административдик жүктү азайтууга тийиш. Бирок, бул жерде жогорку ылдамдыктагы интернет дайыма эле жеткиликтүү боло бербеген алыскы, тоолуу аймактар үчүн кыйынчылыктар жаралышы ыктымал.
Жыйында аймактык бөлүмдөрдүн иштөө шарттарын жакшыртуу маселелери да талкууланды. Төрага Улуттук статистика комитети мындан ары да квалификациялуу кадрларды сактап калуу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштерди улантарын ишендирди.
Кеңештин мүчөсү катары Надежда Добрецова Кенештин ишин улантууга тиешелүү сунуштарды киргизди, анын ичинде төмөнкүлөр бар:
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин жыйыны статистика чөйрөсүндөгү учурдагы жетишкендиктерди жана чакырыктарды талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Улуттук статистика комитети “ачык эшиктер”, саясатына, колдонуучулар менен кызматташууга, санариптештирүүгө жана модернизациялоого берилгендигин көрсөтүп турат. Бул иштер дайындардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт. Айыл чарба каттоосу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын статистика системасын мындан ары өнүктүрүү үчүн негиз түзөт. Ошол эле учурда, аймактык дайындардын жеткиликтүүлүгү жана жумушчу күчүн сактоо маселелерин чечүү туруктуу жылыштын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берүүдө.