Коммуналдык таштандылар менен иштөөнүн типтүү эрежелери бекитилди

07.08.2025 11:14
Документтин үстүнөн иш Агенттиктин суроо-талабы боюнча ЖӨБ органдары жана өнөктөштөр менен 2024-жылдын ноябрь айынан бери жүргүзүлүүдө.
Коммуналдык таштандылар менен иштөөнүн типтүү эрежелери бекитилди

“Коммуналдык таштандылар менен иштөөнүн типтүү эрежелеринин” долбоору Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 7-июлундагы №01-25/245 буйругу менен расмий бекитилди. 

Типтүү эрежелер – бул биринчи системалуу документ экенин белгилей кетүү маанилүү. Бул документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде таштандылар менен иштөөгө бирдиктүү нормативдик мамилени белгилейт. Негизги максат – коммуналдык таштандыларды чогултууда, ташып чыгарууда, кайра иштетүүдө жана көмүүдө натыйжалуулукту, туруктуулукту жана юридикалык аныктыкты жогорулатуу.

Документти даярдоо процессинде ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана эл аралык консультанттардын катышуусу менен жумушчу талкуулар өткөрүлдү. Документти жыйынтыктоодо айтылган бардык сын-пикирлер жана сунуштар эске алынды.

“Иштелип чыккан эрежелер таза, коопсуз жана башкарылган калктуу конуштарга карай маанилүү кадам болуп саналат. Биз документти даярдоого катышкандардын баарына ыраазыбыз. Документ жергиликтүү жамааттын деңгээлинде иш алып барган ар бир адам үчүн багыт көрсөтүп бермекчи”, - деп белгиледи Мамлекеттик агенттиктин ЖӨБдүн функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы Таалайгүл Мамасалиева.

Бекитилген Типтүү эрежелер менен Агенттиктин сайтындагы ШИЛТЕМЕ боюнча таанышууга болот.

Документтин үстүнөн иш Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин суроо-талабы боюнча жүргүзүлдү. Бул ишке Швейцария Өкмөтү каржылап, ХЕЛЬВЕТАС Өнүктүрүү саясат институту менен бирге ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору эксперттик жана уюштуруучулук колдоо көрсөттү.