29-30-июль күндөрү Ош шаарында туруктуулук жана жашыл экономика принциптерин эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) даярдоо боюнча практикалык окуу өттү. Эки күн бою мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү кызматтардын, министрликтердин жана жарандык демилгелердин өкүлдөрү шаардын пландарын стратегиялык гана эмес, ошону менен бирге ишке ашырууга жарамдуу кылуунун үстүнөн да иштешти.
Ош – ишти реалдуу маалыматтар, жергиликтүү жамааттардын катышуусу жана экологияга назар буруу менен айкалыштырган пландоого комплекстүү мамиле киргизилип жаткан дагы бир шаар.
“Ош – өсүш үчүн дарамети бар, ыргагы күчтүү шаар, бирок социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн так планы болмоюнча чечилбей турган көйгөйлөр да бар”, - дейт Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты Максим Семеняк.
Өзгөчө көңүл СЭӨП менен бюджеттик механизмдердин ортосундагы байланышка, документ кагаздын бетинде калбастан, ресурстарды тартуунун жана өнүгүүнү башкаруунун аспабына айланышын камсыз кылууга бурулду.
“Пландар формалдуу эмес, иштиктүү да болушу керек. Бүгүнкү күндө мамлекет бир нерсеге басым жасап жатат: жергиликтүү адистер фактыларга жана финансыга таянып, өз аймагын өнүктүрүүнүн долбоорун түзө билиши керек”, - деп белгиледи КР Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искандарбек Маматов.
Тренинг Өнүктүрүү саясат институту көрсөткөн методикалык колдоонун бир бөлүгү болуп калды. ӨСИ муну ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, GIZ жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.
Ошто тренингдердин жайкы сериясы аяктады, бирок процесс эми гана башталууда. Шаарларда өзгөрүүлөрдү сүрөй турган командалар түзүлүүдө. Алар муну жеринде, өз колу менен, түшүнүү жана колдоо менен ишке ашырмакчы.