24-25-июль күндөрү Балыкчы шаарында мэриянын аппаратынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, шаардын коммуналдык кызматтары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн практикалык багыттагы тренинг өттү. Катышуучулар жашыл экономиканы, туруктуу өнүгүүнү жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) туура иштеп чыкканды үйрөнүштү.
Тренинг маалында катышуучулар шаарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын талкуулап, СЭӨПны мамлекеттик саясат жана бюджеттик процесс менен байланыштырып, ошондой эле өз пландарынын алгачкы долбоорлорун даярдай алышты.
Иш шаардын чыныгы дайындары менен чакан топтордо жүргүзүлдү. Катышуучулар негизги көйгөйлөрдү аныктап, максаттарды түзүп, өсүш үчүн ыктымалдуу багыттарды жана инфраструктуралык чечимдерди талкуулашты.
Окуу процессинин башталышы ӨСИ, ЕККУ, БАЖБА жана GIZ ортосундагы өз ара байланыштын логикалык кадамы болуп калды. Тренингдин алдында жашыл экономиканын принциптерин, эл аралык жана регионалдык тажрыйбаны, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын катышуусуна коюлган талаптарды эске алган окуу-усулдук материалдар иштелип чыгып, окууга ылайыкташтырылган.
“Биз ӨСИнин консультанттары катары теорияны гана үйрөтпөстөн, катышуучулар менен бирге Балыкчы шаарына жашоо үчүн ыңгайлуу жана инвестиция үчүн жагымдуу болууга жардам бере турган реалдуу пландарды иштеп чыгуу максатында шаардын ресурстук базасын да баалайбыз”, - деди ӨСИнин консультанты Айнура Балакунова.
Шаардык СЭӨПлар бюджетти пландоонун, инвестицияларды тартуунун жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын макулдашуунун маанилүү аспабына айланууда. Улуттук саясаттын деңгээлинде бул процесске чоң көңүл бурулуп жатат.
“Экономика министрлиги бүгүнкү күндө СЭӨПны реалдуу бюджеттер менен байланыштыруунун үстүндө жигердүү иштеп жатат. Эгерде биз пландар кагаз бетинде калбасын десек, жериндеги, анын ичинде мэриялардын финансы-экономикалык бөлүмдөрүндөгү адистер мындай документтер менен иштей билгени маанилүү”, - деп белгиледи КР Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Маматов Искандарбек Батырбекович.
Жакын арада ушундай эле тренинг экинчи пилоттук шаарда – Ошто да өтөт.
Иш-чара Өнүктүрүү саясат институтунун, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана GIZ’тин “Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү” программасынын биргелешкен демилгесинин бир бөлүгү болуп калды.