Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин суроо-талабы боюнча Өнүктүрүү саясат институту “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жергиликтүү жамаатты тартуунун типтүү планын” иштеп чыгууга көмөк көрсөттү (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (коомдук-коммуникация стратегиясы)”.
Документ мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн жана ӨСИнин эксперттеринин катышуусунда даярдалды. Ал МКЖӨБМАнын 2025-жылдын 25-июнундагы № 01–25/229 буйругу менен бекитилген жана өлкөнүн бардык аймагында колдонууга сунушталган.
Типтүү план эмнелерди берет:
“Тургундарды тартуу - бул туруктуу өнүгүүнүн негизи. Бул документ ЖӨБ органдарына калк менен жөнөкөй жана түшүнүктүү байланышты түзүүгө жардам берет”, - деди ӨСИнин консультанты, жумушчу топтун мүчөсү Руслан Досалиев.
Документ менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот:
Биз ӨСИде жергиликтүү жамааттардын чечимдерди кабыл алуудагы ролун күчөтүүгө багытталган демилгелерди колдоону уланта бермекчибиз.
Кошумча маалымат алуу үчүн: Артур Саркисов, ӨСИнин коммуникациялар боюнча координатору, asarkisov@dpi.kg