16-июлдан 18-июлга чейин Бишкекте «Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу» (EGED) регионалдык программасын жеткире иштеп чыгуу боюнча үч күндүк семинар өттү. Семинарга Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келгендер, мамлекеттик органдардын, медианын, эксперттик коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар программанын формалдуу компоненттерин гана эмес, реалдуу чакырыктарды, тобокелдиктерди, чөлкөмдөгү процесстердин ыргагын, өзгөрүүлөрдөн күтүлүп жаткандарды, эң негизгиси Улуу Британиянын өкмөтү каржылаган программа жеринде адамдарга чындап пайдалуу болушу үчүн эмнелерди жасаш керектигин талкуулашты.
Семинардын ачылышында EGED программасынын жетекчиси Джафар Усманов «Борбордук Азия гүлдөп өнүккөн, туруктуу жана инклюзивдүү чөлкөм болуп, анда экономикалык реформалар жеринде чындап жыйыныктарды бергени Британиянын эл аралык өнүктүрүү программасы үчүн өтө маанилүү», - деп белгиледи.
Үч күндүн ичинде катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
Жыйынтыктоочу сессияда ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда Добрецова «Акыркы фазада даярдалган социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары Кыргызстандын пилоттук райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде инвестицияларды пландоонун өзөктүк аспаптарынын бири болуп калды» деп баса белгиледи.
Семинар 2025-жылдын июлунда ӨСИде башталган EGED программасынын жаңы фазасын биргелешип кошо-иштеп чыгуу процессинин бир бөлүгү болуп калды.
Кошумча маалымат алуу үчүн: Артур Саркисов, ӨСИнин коммуникациялар боюнча координатору, asarkisov@dpi.kg