2025-жылдын 23-июнунан 25-июнуна чейин Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында БУУнун Мамлекеттик кызмат маселелери боюнча форуму өттү. Форум төмөнкү темага арналды: “2030-жылга чейин беш жыл: туруктуу келечек үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү тездетүү”.
Форумга дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 1000ден ашык катышуучу келди. Алардын арасында министрлер, санариптик башкаруу чөйрөсүндөгү адистер, мамлекеттик органдардын, муниципалитеттердин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.
Кыргызстандан атынан Форумга расмий делегация барды, анын курамына киргендер:
Жумушчу сессиялардын алкагында кыргыз делегациясы санариптик трансформация, анын ичинде “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоо тажрыйбасы менен бөлүштү.
Назима Бактиярова өз сөзүндө санариптик трансформация – бул жөн гана модернизациялоо эмес, ал ачык-айкындуулукту жогорулатуунун, жарандардын жашоосун жакшыртуунун жана Кыргызстанда туруктуу башкарууну өнүктүрүүнүн негизги аспаптарынын бири экендигин баса белгиледи.
ӨСИнин консультанты Бакытбек Айткулов мамлекеттик кызматтын санариптик трансформациясына, жасалма интеллект доорунда кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого, санариптик башкаруунун жаңы моделдерин иштеп чыгууга, этика, инклюзия жана санариптештирүүнү укуктук жөнгө салуу маселелерине арналган жумушчу сессияларга катышты.
Кыргызстандык катышуучулар регионалдык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүнө, алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга, маалыматтарды коргоо боюнча жалпы стандарттарды түзүүгө, санариптик кадрларды өнүктүрүүгө жана жасалма интеллект чөйрөсүндөгү өз ара байланыш түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Форум маанилүү эл аралык аянтча болуп калды. Бул форумда Кыргызстан санариптик трансформация, ачык башкаруу жана мамлекеттик кызматты модернизациялоо маселелеринде өзүнүн жигердүү турумун тастыктады.