Жергиликтүү бюджетти канткенде жарандар үчүн ачык жана түшүнүктүү кылса болот? Бул процессте аймактардагы коомдук талкуулар кандай ролду ойнойт?
24-июнда Нарында жана 26-июнда Караколдо өткөн маалыматтык семинарлар дал ушул суроолорго арналды. Жолугушуулар Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте, Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында КР Финансы министрлиги уюштурган маалыматтык өнөктүктүн бир бөлүгү болуп саналат.
Маалыматтык өнөктүктүн назарында төмөнкүлөр болду:
Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Бул милдет КР Бюджеттик кодексинин 127-беренесинде бекитилген. Дал ушул форматтарда ишенимдин, жоопкерчиликтин жана жарандардын катышуусунун негиздери түптөлөт.
Маалыматтык сессияларга айыл өкмөттөрүнүн жана шаардык мэриялардын финансы-экономика бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Финансы министрлигинин өкүлдөрү жана дем берүүчү гранттар боюнча адистер катышты. Аймактардагы талкууларда көп сандагы суроолор түшүп, анда чыныгы кейстер талкууланып, жеринде бюджеттик процессти өркүндөтүү боюнча сунуштар берилүүдө.
Кийинки жолугушуулар Ошто жана Жалал-Абадда өтүп жатат, Баткен жана Талас үчүн онлайн форматта өтүп, Чүй облусу үчүн 8-июлда Бишкекте аяктайт.