2025-жылдын 26-июнунда Бишкекте 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын биологиялык көп түрдүүлүгүн сактоо боюнча мамлекеттик программанын долбоору жана чаралардын планы талкууланды. КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эл аралык жана улуттук өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурган талкууга кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү катышты.
ӨСИнин эксперттери Мамлекеттик программага жана Чаралар планына сунуштарын даярдашты. Алардын сунуштары программанын кайсы милдеттери ЖӨБдүн деңгээлинде иш жүзүндө чындап ишке ашырыла турганына, буга кандай укуктук жана ресурстук тоскоолдуктар бут тосушу мүмкүн экенине, ошондой эле ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын ортосундагы жоопкерчилик зонасын так чектөө зарыл экенине тиешелүү болду. Мындай мамиле программаны жеринде чыныгы кырдаалды эске алуу менен аткарууга боло тургандай жана туруктуу кылууга жардам берет.
“Программаны колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын ролун эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу зарыл. Дал ушул нерсе программаны жеринде ишке ашырууга шарт түзүп, элге жакын кылат”, – деп белгиледи ӨСИнин улуттук деңгээлде иштөө боюнча координатору Нурдин КҮМҮШБЕКОВ.
Туруктуулук жана биологиялык көп түрдүүлүк документтерден гана башталбастан, жеринде практикадан да башталышы үчүн ӨСИ жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын экологиялык саясатка катышуусунун күн тартибин сүрөй бермекчи.