22 муниципалитеттин ЖӨБ органдары мыкты жергиликтүү демилгелерди тандоо боюнча конкурс өткөрүшөт

16.06.2025 16:45
Кошумча маалымат алуу үчүн адис: Мирлан Молдобеков, mmoldobekov@dpi.kg
22 муниципалитеттин ЖӨБ органдары мыкты жергиликтүү демилгелерди тандоо боюнча конкурс өткөрүшөт

2025-жылдын 29-майынан 20-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын 22 жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органы үчүн жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча онлайн-тренингдер өткөрүлүүдө.

Тренингдерди Өнүктүрүү саясат институту уюштуруп, алар жергиликтүү жамааттардын арасынан демилгелерди тандоо боюнча конкурстарды өткөрүүдө ЖӨБ органдарынын алдында түзүлгөн конкурстук комиссиялардын мүчөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

“Окутуу учурунда катышуучулар комиссиялардын иш тартиби, талап кылынган конкурс документтери, өтүнмөлөрдү берүү эрежелери, долбоорлорду баалоо, жыйынтыктарды чыгаруу жана жамаатка маалымат берүү боюнча билим алышат. Анткени кийин алар өз муниципалитеттеринде мыкты демилгелерди тандоо боюнча конкурстарды уюштуруп, башынан аягына чейин өткөрүшү керек болот”, – деди “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн" Өнөктөштүк программасынын жергиликтүү деңгээлде иш алып баруу боюнча координатору Мирлан Молдобеков.

Окутуулардын жүрүшүндө катышуучулар түрдүү суроолорду беришип, алардын арасында кызуу талкууларды жараткан эң көп берилген суроолор төмөндөгүлөр болду:

  • Жергиликтүү маанидеги маселелерин ким аныктайт жана бул маселелердин алкагында жергиликтүү демилге конкурсу кандайча өткөрүлөт?
  • Бир долбоор үчүн максималдуу каржылоо суммасы канча болушу мүмкүн?
  • Жергиликтүү демилге боюнча долбоорлорду баалоо жана тандоо боюнча конкурстук комиссиянын чечими акыркы болуп эсептелеби же ЖӨБ органы тарабынан кайра каралышы мүмкүнбү?
  • ЖӨБ органы тарабынан канча долбоор колдоого алунуусу мүмкүн?
  • Долбоордук өтүнмөлөр боюнча ким кеңешмелерди берет?

Тренингдердин жыйынтыгында конкурстук комиссиялар жергиликтүү демилгелерди кабыл алуу боюнча жарыяларды даярдап, социалдык тармактарда жайгаштырышы шарт. Андан соң комиссиялар жергиликтүү жамааттар тарабынан сунушталган демилгелердин арасынан эң мыкты долбоорлорду тандап, алар жергиликтүү бюджеттерден каржыланат. Айрым учурларда демилге ээлери кошумча каржылык колдоого да ээ болушат.

Конкурс ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы буйругу менен бекитилген ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө Типтүү жобого ылайык жүргүзүлөт.

Маалымат: Окутуулар Швейцария Өкмөтү тарабынан колдоого алынган “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн" Өнөктөштүк программасынын алкагында өткөрүлүүдө. Өнөктөштүк программасынын кайрылуусуна жооп катары Кыргыз Республикасынын 22 ЖӨБ органы жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу механизмине катышууга кызыгуусун билдиришкен.