Өнүккөн келечекке алып келе турган бийликтин, бизнестин жана коомчулуктун тандеми

23.05.2025 16:42
Байланыш маалыматы: Нургуль Жаманкулова, +996770771711
Өнүккөн келечекке алып келе турган бийликтин, бизнестин жана коомчулуктун тандеми

Нарын облусунун Ат-Башы районунун ишкерлер ассоциациясы райондун Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуунун биргелешкен ишинин натыйжаларынын бири болуп, анын алкагында жергиликтүү өкмөт, бизнес жана коомчулук Ат-Башы районунда жашаган элдин жаңы келечегин биргелешип түзүү үчүн биригишкен. Ассоциация өзүнүн уставына ылайык, жыл сайын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди жана орун алган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулоо боюнча иш-чара өткөрүп, ага жергиликтүү ишкерлерден тышкары министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү да катышат.

Мындай иш-чара Ассоциация үчүн салтка айланып калып, 2025-жылдын 23-майында акимдин, губернатордун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басарынын жана аймактарды өнүктүрүү боюнча программалардын жана долбоорлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда конференция өткөрүлдү.

"Конференция биздин жергиликтүү ишкерлер менен жогорку бийлик өкүлдөрү үчүн жергиликтүү өнүгүүгө кедергисин тийгизип жаткан көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун биргелешип издөө үчүн эффективдүү аянтча болду. Райондук деңгээлде биз өз алдыбызча чечүүгө кудуретибиз жетпей турган көптөгөн көйгөйлөр да бар, андыктан бул конференция биз үчүн жергиликтүү өнүгүүгө жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюуга жакшы мүмкүнчүлүк болду", – деди райондун акими Эмилбек Абдыкадыров.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондо иш алып барып жаткан сегиз кластер, ГЭС куруу боюнча жана “Кара-Булак” логистикалык борбору тууралуу маалыматтар тартууланып, алар түзүлгөндөн тарта азыркы күнгө чейинки жетишкен ийгиликтери, кыйынчылыктары жана пландары тууралуу кызуу талкуу болду.

КР Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев ишкердикти өнүктүрүү үчүн эң биринчи кезекте жергиликтүү шарттардын болушу жана бийлик тарабынан колдоонун болушу керек экендигин баса белгиледи.

КР Айыл чарба, суу жана өнөр жай министринин биринчи орун басары Жаныбек Кермалиев айыл чарбага зарыл болгон техниканы алуу жолдорун, анын ичинде лизинг аркылуу; кесиптик багыттагы окууларга катышууда кайдыгер болбоо жана анын натыйжасында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча билимдерин жогорулатуу тууралуу кеңеш берди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Турганбаева райондо мөмө-жемиш жана сүттү кайра иштетүү кластерлеринин алкагында аткарылган жана пландалган иш-чаралар тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Талкуу жана пикир алмашуулар бүткөн соң, өлкө жетекчилерине багытталган резолюция кабыл алынып, анда бизнести өнүктүрүү маселелери гана эмес, аларды чечүү боюнча сунуштар да камтылды.