2025-жылдын 19-мартында Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен райондун 2025-2027-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (мындан ары – Программа) ишке ашыруунун алкагында туризмди өнүктүрүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды талкуулоо өткөрүлдү.
Талкууга жергиликтүү ишкерлер, жарандык коомдун, Улуттук статистикалык комитеттин, Райондук эмгек, социалдык коргоо жана миграция бөлүмүнүн, райондук бөлүштүрүүчү зонанын өкүлдөрү, Координациялык кеңештин мүчөлөрү, туроператорлор, жакын жайгашкан айрым муниципалитеттердин башчылары, блогерлер жана туристтик продуктыларды өндүрүүчүлөрдөн турган 50дөн ашык адам чогулду.
Иш-чаранын соңунда Кемин райондук мамлекеттик администрациясы менен Чүй облустук “Алтын Сары-Өзөн” туристтик дестинациясынын ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлуп, негизги максаттары болуп төмөнкүлөрдү белгилеген Резолюция кабыл алынды:
Иш-чара Улуу Британия Өкмөтү (FCDO) тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырылган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” (EGED) программасынын техникалык колдоосу менен өткөрүлдү: www.eged-ca.org