19.03.2025 19:17
Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жарандардын демилгелерин жергиликтүү бюджеттен каржылоо механизмин өз муниципалитеттеринде ишке ашырууга багытталган кайрылууларды кабыл алууну жыйынтыктады.
Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (ЖӨБ) жарандардын демилгелерин жергиликтүү бюджеттен каржылоо механизмин өз муниципалитеттеринде ишке ашырууга багытталган кайрылууларды кабыл алууну жыйынтыктады.
Тандалып алынган муниципалитеттерге колдоо көрсөтүлөт – окутуулар жана консультациялар уюштурулат. Ошондой эле айрым муниципалитеттер жарандардын демилгелерин кошумча каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат (Швейцария Өкмөтү тарабынан колдоого алынган "Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын алкагында).
ЖӨБ органдарына (төмөндөгү тизмеге ылайык) расмий кат жана пландалган иш-чаралардын графиги жөнөтүлдү.
Программага кабыл алынган ЖӨБ органдарынын тизмеси:
- Баткен облусу
- 1. Лейлек району – Лейлек
- 2. Лейлек району – Кулунду
- Ош облусу
- 3. Кара-Суу району – Жоош
- 4. Чоң-Алай району – Чоң-Алай
- 5. Чоң-Алай району – Жекенди
- 6. Ноокат району – Кара-Таш
- Жалал-Абад облусу
- 7. Ноокен району – Кочкор-Ата шаарынын мэриясы
- 8. Токтогул району – Токтогул шаарынын мэриясы
- 9. Жалал-Абад району – Майлуу-Суу шаарынын мэриясы
- 10. Чаткал району – Терек-Сай
- 11. Тогуз-Торо району – Тогуз-Торо
- 12. Ала-Бука району – Айры-Там
- 13. Базар-Коргон району – Арстанбап-Ата
- 14. Базар-Коргон району – Акман
- 15. Базар-Коргон району – Кеңеш
- 16. Ноокен району – Д. Садырбаев
- Нарын облусу
- 17. Ат-Башы району – Казыбек
- 18. Нарын району – Учкун
- 19. Нарын району – Доболун
- 20. Ак-Талаа району – Кара-Бургон
- Ысык-Көл облусу
- 21. Ак-Суу району – Хан-Теңири
- 22. Жети-Өгүз району – Кызыл-Суу
- 23. Ысык-Көл району – Чолпон-Ата шаарынын мэриясы
- 24. Тон району – Улахол
- Талас облусу
- 25. Талас району – Чоң-Алыш
- 26. Бакай-Ата району – Бакай-Ата
- 27. Бакай-Ата району – Кумуштак
- 28. Талас району – Беш-Таш
- Чүй облусу
- 29. Ысык-Ата району – Кең-Булуң
- 30. Кемин району – Кемин шаарынын мэриясы
ӨСИнин байланыштуу жооптуу өкүлү: Мирлан Молдобеков
Тел.: (0312) 976 530 (ичк. 107), моб.: (0500/779) 218883
Email: mmoldobekov@dpi.kg