Кызматташтыктын жаңы башаты

23.12.2024 20:16
Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш: Нургүл Жаманкулова, ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты, +996770771711
Кызматташтыктын жаңы башаты

Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED) алкагында Өзбекстан Республикасынын Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору[1] (ЗЖӨБ) менен өнөктөштүктө жаңы долбоор баштады.

Аталган кызматташтыктын алкагында эки тарап  “Санарип каражаттар аркылуу коомдук көзөмөл” деген аталыштагы долбоорду ишке ашырат. Долбоордун негизги максаты – ачык маалымат менен иштөөнү жакшыртуунун, коомдук кызыкчылыкты жогорулатуунун жана коомдук көзөмөлдү кубаттоонун эсебинен жетишкен мамлекеттик сектордун саясатынын натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун күчөтүү.

“«Санарип каражаттар аркылуу коомдук көзөмөл” — бул өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган демилге. Биз бул долбооду ишке ашырууда биздин негизги өнөктөштөрүбүзгө – Социалдык коргоонун улуттук агенттигинин, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин жана Экономика жана финансы министрлигинин активдүү катышуусуна жана колдоосуна ишенебиз», — деп айтты Саида Сулайманова, ЗЖӨБ мүдүрү.

Долбоор негизги үч багытта ишке ашырылат:

  • Майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу маселесин коомчулуктун көңүлүнө жана талкуусуна коюу же алып чыгуу: ден соолугунан улам мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгек рыногуна интеграцияланышына, аларды ишке орноштурууга тоскоол болгон факторлорго жана бул жаатта мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга талдоо жүргүзүлөт;
  • Мамлекеттик финансыны башкаруу реформалары: мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугу, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу маселелери изилденет;
  • Мамлекеттик сатып алуулардагы ачык-айкындуулук: мамлекеттик сатып алуулар процессинин ачыктыгынын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн абалына мониторинг жүргүзүү, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу механизмдери жана калкка мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалымат берүү.

“Долбоорго журналисттер, мамлекеттик органдардын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү (Өзбекстанда – ННО), ЖМК чөйрөсүндөгү эксперттер жана жергиликтүү жамааттар тартылат. Алардын негизги ролу – коомдук көзөмөлдү күчөтүү, экономикалык реформалардын ачыктыгын жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу процессине катышуу, маалымат алуу укугун камсыздоо жана жеке профессионалдык жөндөмдөрүн мыктылоо болот”, — деп кошумчалады Надежда Добрецова, ӨСИнин башкаруу төрайымы. 

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө төмөнкү иш-чаралар пландалган:

  • Экономикалык журналистика жана маалыматтар боюнча акселератор (журналисттер үчүн чоң маалыматтар менен иштөө, аларды талдоо жана визуалдаштыруу, экономикалык темаларды чагылдыруу боюнча интенсивдүү тренингдерди өткөрүү);
  • Контент жаратууда менторлук колдоо (макалаларды жана репортаждарды даярдоодо, талдоо жүргүзүүдө жана чоң маалыматтарды тартуулоодо жаш адистерге тажрыйбалуу адистерден насаатчылык);
  • Маалымат өнөктүгү (майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу, мамлекеттик финансылар жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү реформалар тууралуу коомчулукка маалымдоо үчүн актуалдуу жана пайдалуу материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу).
  • Мамлекеттик органдар, ННО жана жеке сектор менен биргелешкен иш-чаралар (коомчулуктан келген суроолорго жоопторду даярдоо сессиялары, маалыматты ачыктоо жана коомдук пикирди изилдөө).

____________ 

[1] https://mjdc.uz