2025-жылга пландар жана ЖӨБдү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери: 2024-2028-жылдарга ЖӨБдү өнүктүрүү программасын андан ары ишке ашыруу; жеринде кызмат көрсөтүүнү мыкты уюштуруу үчүн шаарларды, ЖӨБ органдарын жана муниципалдык ишканаларды өнүктүрүүнү колдоо; жерге мунапыс берүү, жер фондуна инвентаризация жүргүзүү, жарандардын ЖӨБгө катышуусу өңдүү бир катар темаларды “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн[1] Координациялык сессиясы 2024-жылдын 27-ноябрында “Орион” мейманканасында талкуулады.
2024-жылы Өнөктөштүк жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана аймактарды өнүктүрүү; муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын дараметин жогорулатуу; жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу; жергиликтүү өнүгүү жаатында Борбордук Азия өлкөлөрү менен тажрыйба алмашуу чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына колдоо көрсөттү. Атап айтканда,
Өнөктөштүктүн мүчөлөрү ЧУА долбоорлоруна экспертиза жүргүзүшөт (2024-жылы 163 корутунду берилди); ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө, анын ичинде биргелешкен аракеттерге дем берүү аркылуу колдоо көрсөтүп келишет. Алсак, 2024-жылы 13 ЖӨБ органы жана жарандардын 37 тобу социалдык маселелерди чечүүдө жана жашоо сапатын жогорулатууда байгелерди жана жардамдарды алышты. Өнөктөштүктүн катышуусу менен беш облуста 18 райондук жергиликтүү кеңештин аял-депутаттарынын клубу түзүлүп, учурда иштеп жатат. Өнөктөштүктүн мүчөлөрү 10 WhatsApp-тайпада ЖӨБ органдарына туруктуу негизде консультация берип турушат – ушуга чейин 700дөн ашык консультация жана сунуштама берилди.
Жергиликтүү өнүгүү жөнүндө билимдерди жайылтууга салым кошуу менен Өнөктөштүк Улуттук Урбан-Форумдун кошо-уюштуруучусу болду; “Муниципалитет” журналын басып чыгарып, жайылтууда, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталын иштетип келатат.
_______________
[1] Өнөктөштүккө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы кирет. Өнөктөштүк Кыргызстандын муниципалитеттеринде жергиликтүү өнүгүүгө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган реформаларды колдоо максатында инфраструктура, ресурс катары түзүлүп, өз ишин Швейцария Өкмөтүнүн жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен жүзөгө ашырып келүүдө.