Шайыбек ата айыл өкмөтү – “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жеңүүчүсү

19.11.2024 12:02
Жалпысынан сынакка 30 табыштама келип түшкөн
Шайыбек ата айыл өкмөтү – “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жеңүүчүсү

2024-жылдын 15-ноябрында «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк программасынын (мындан ары – Өнөктөштүк) алкагында өткөрүлгөн «Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет» сынагынын жеңүүчүлөрүн тандоо боюнча комиссия өз чечимин жарыялады.

Маалыматка ылайык, 7 адамдан турган конкурстук комиссия[1] ЖӨБ органдарынан келип түшкөн 30 (отуз) табыштаманы карап чыгып, баа берип, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

  1. Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет» сынагынын жеңүүчүлөрү деп табылсын:
    1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Шайыбек ата айыл өкмөтү 300 000 сомдон ашпаган байге менен – ​​1-орун;
    2. Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтү 250 000 сомдон ашпаган байге менен – 2-орун;
    3. Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү 200 000 сомдон ашпаган байге менен – 3-орун.
  2. Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 75 000 сомдон ашык эмес өлчөмдө кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылсын:
    1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтү;
    2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтү;
    3. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айыл өкмөтү;
    4. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл өкмөтү;
    5. Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү;
    6. Кемин шаарынын мэриясы;
    7. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтү;
    8. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтү;
    9. Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айыл өкмөтү;
    10. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтү;
    11. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл өкмөтү;
    12. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл өкмөтү;
    13. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтү;
    14. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Күмүштак айыл өкмөтү.
  3. Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 65 000 сомдон ашык эмес өлчөмдө көңүл жубатуучу сыйлыктар ыйгарылсын:
    1. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл өкмөтү;
    2. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айыл өкмөтү;
    3. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Эргеш Алиев айыл өкмөтү.

«Өнөктөштүк конкурстун жеңүүчүлөрү менен байге каражаттарын пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Байге каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүүсүн жогорулатууга байланышкан кызмат көрсөтүүлөргө арналган товарларды сатып алууга колдонулса болот. Мисалы, калк менен маалымат алмашууну жакшыртуу үчүн жабдуулар, үн күчөткүчтөр (колонкалар), микрофондор жана ушул өңдүү товарлар, коомчулукту кабарландыруу системалары; суу менен камсыздоо, таштанды чогултуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу чөйрөлөрүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөр, анын ичинде муниципалдык ишканалар үчүн жабдуулар; муниципалдык мекемелер (мектептер, бала бакчалар, музыкалык жана спорттук мектептер) үчүн жабдуулар жана буюмдар; жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессинде калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын катышуусун жогорулатуу үчүн жабдуулар жана шаймандар. Товарлар сынактын жеңүүчүлөрүнө сатып алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп берилет. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Өнөктөштүк өзүнүн сатып алуулар жол-жобосун ылайык сатып алат”, – деди Азамат Мамытов, Өнөктөштүктүн жергиликтүү ресурстар боюнча адиси.

____________

[1] https://dpi.kg/ky/about/tenders/full/338.html