Жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик квотаны колдошууда. Бирок райондордо жана жаш курагы боюнча топтордо колдоо деңгээлинде айырмачылыктар бар

11.10.2024 18:27
Булак: https://shailoo.gov.kg/kg/news/7567/
Жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик квотаны колдошууда. Бирок райондордо жана жаш курагы боюнча топтордо колдоо деңгээлинде айырмачылыктар бар

2024-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештерге шайлоодо колдонулуучу милдеттүү 30% гендердик квотага карата калктын мамилесин баалаган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарды. Сурамжылоону КР БШК Өнүктүрүү саясат институту, “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүгү менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрдү.

«Аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү маселеси - жөн гана теңчилик жана адилеттүүлүк маселеси эмес. Бул прогресстин, туруктуу өнүгүүнүн жана бардыгы үчүн жалпы жыргалчылыктын маселеси. Аялдар саясий турмушка эркектер менен бирдей катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон шартта, биз калктын бардык катмарынын кызыкчылыгы эске алынган кыйла комплекстүү жана кыйла акылман чечимдердин кабыл алынганын көрүп жатабыз. БШКнын жергиликтүү кеңештерге таза шайлоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, жергиликтүү кеңештердин жаңы курамында лидер аялдардын татыктуу ордун ээлөөсү үчүн шарт түзүү боюнча аялдардын лидерлигине көмөктөшүү жаатында өзгөчө ролу бар», - деди КР БШК тѳрагасы Н. ШАЙЛДАБЕКОВА.

Презентациянын жүрүшүндө КР БШК жана иликтѳѳчүлѳр коомчулукка Кыргызстандын жарандары жергиликтүү шайлоолорго катышуу аркылуу аялдардын укуктарын кеңейтүү кандай кабыл алынып жаткандыгы тууралуу маалымат беришти, ошондой эле ушул процесс кошумча көңүл буруу жана колдоо талап кылынган аймактардагы аял талапкерлерди колдоонун мыкты ыкмаларын талкуулашты.

«Швейцария Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык деңгээлде аялдардын көбүрөөк өкүлчүлүгүн камсыз кылуу боюнча практикалык кадамдарды жасоого умтулуусун жогору баалайт. Көйгөйлөр жок эмес, ошондуктан мен аларды жоюуга ИПР иликтѳѳсүнүн кошкон салымын сыймыктануу менен белгилейм”, - деп эсептейт Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье БАРГЕНТЕР.

Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, депутат айымдар, көз карандысыз эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

«Биз өлкөнүн тарыхында биринчи жолу салттарды жана менталитетти, үй-бүлөлүк мамилелердин үлгүлөрүн эске алуу менен жергиликтүү шайлоолордо гендердик квотага болгон мамилени райондор боюнча талдап жатабыз. Бул жагдайды эске албай туруп, өз коомун өнүктүрүүгө катышууга умтулган аялдарды натыйжалуу колдоо мүмкүн эмес. Аялдардын активдүү позициясы Кыргызстандын элинин рухуна жана үрп-адаттарына карама-каршы келбейт, бирок биз шайлоочулардын аялдар үчүн ѳз тандоосун аң-сезимдүү жасоосу боюнча туура сөздөрдү жана ынандыруу формаларын табышыбыз керек. Райондор боюнча квотага болгон мамилени талдоонун жыйынтыгы мамлекетке жана бардык кызыкдар тараптарга мындай колдоо өзгөчө маанилүү болгон аймактарда жана жаш курактагы топтор менен максаттуу иштерди уюштурууга жардам берет деп ишенебиз” - деп белгиледи Өнүктүрүү саясат институтунун башкармалыгынын төрагасы Надежда ДОБРЕЦОВА.

Булак: https://shailoo.gov.kg/kg/news/7567/