Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Координациялык кеңештин отурумунда Координациялык кеңештин мүчөлөрү пландын аткарылышынын жыйынтыгын карап, 2024-2025-жылдарга планды талкуулашты.
“Жолугушуунун катышуучулары экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыты катары туризмди жана жашыл экономиканы тандап алышты. Бул эки багытты жумушчу топ социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуунун жүрүшүндө талдайт. Мындан тышкары, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жергиликтүү калктын жана бизнестин муктаждыктарын изилдөөнүн жыйынтыктарын 2025-2027-жылдарга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизүүнү пландоодо”, - деди Айнура Балакунова, «Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу» (EGED)1 программасынын платформалары менен иштөө боюнча эксперти.
Координациялык кеңеш өзүнүн иш планында ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын долбоорун карап чыгуу, коомдук угууларды өткөрүү, мониторинг жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү карап чыгат.
2021–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнүн «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруунун алкагында райондун жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында Өнүктүрүү саясат институту жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясы аракеттерин бириктирүү чечимин кабыл алып, кызматташуу тууралуу макулдашышты.
Тараптар ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жамааттык чечимдерди иштеп чыгууга арналган жыйындарга активдүү катышуу жана райондун өнүгүүсүнө жарандык коом менен бизнестин катышуусун күчөтүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралар аркылуу EGED программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан иш-чараларды колдошот.
_______________
1 EGED (Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу) программасы Казакстан, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда тандалып алынган реформалардын артыкчылыктары боюнча саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган, Улуу Британия тарабынан каржыланган беш жылдык программа. ӨСИ бизнестин жана коомчулуктун артыкчылыктуу керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган маалыматтарга негизделген социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы методологияларын даярдоого активдүү катышкан.