“Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун узартылышы тууралуу

23.09.2024 14:55
“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун узартылышы тууралуу маалымдайт.
“Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун узартылышы тууралуу

ТОЛТУРУЛГАН ДОЛБООРДУК ӨТҮНМӨЛӨР 2024-ЖЫЛДЫН 30-СЕНТЯБРЫ СААТ 23:59ГА ЧЕЙИН AMamytov@dpi.kg ЭЛЕКТРОНДУК ДАРЕГИ БОЮНЧА КАБЫЛ АЛЫНАТ. 

“Жергиликтүү жамааттар үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсу “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте жарыяланган. 

Конкурстун байге фонду 2 000 000 сомду түзүп, ал каражат Швейцариянын Өкмөтү каржылаган Өнөктөштүк программасынын алкагында бөлүндү.

Конкурстун максаты – жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрү эсепке алынуусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого жарандарды тартуу аркылуу жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбаларын аныктоо жана жайылтуу, 2025-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулардын өткөрүлүшүн кубаттоо жана аны өткөрүүгө дем берүү.

Конкурска 2024-жылдын май-август айларында 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөргөн Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн бардык аткаруу органдары катыша алышат.

Конкурска катышуу үчүн ЖӨБ органдары Жободо белгиленген тартипте өтүнмө жиберүүгө тийиш.

Конкурстун Жобосу менен таанышуу жана өтүнмө формасын жүктөп алуу үчүн https://myktyaimak.gov.kg/lg-help/investment-projects/investment-project?lang=kg&id=25 шилтемеси аркылуу өтүңүздөр.