“Теңден теңге” платформасы Тоң районунда мыкты тажрыйбаларды тартуулады

24.06.2024 18:38
Иш-чара тууралуу кененирээк "Муниципалитет" журналынын июль айындагы санынан окуй аласыздар.
“Теңден теңге” платформасы Тоң районунда мыкты тажрыйбаларды тартуулады

2024-жылдын 24-июнунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда “теңден теңге” өз ара окутуу платформасынын алкагында ЖӨБ органдарынын ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүү иш-чарасы өткөрүлдү. Ага айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана төрагалары, айыл өкмөтүнүн кызаткерлери, өнөктөштөр чакырылган.

Иш-чара Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы тарабынан уюштурулуп, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун колдоосунда өткөрүлүүдө.

Платформанын катышуучулары менен алгач Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары саламдашып, бул демилге – өз ара мыкты тажрыйбалар тууралуу билип, аларды ишке ашырууга жакшы өбөлгө түзөөрүн айтып өттү.

Андан соң “Теңден теңге” платформасынын координатору Астаров Данияр иш-чаранын максаттары, БАЖБАНын миссиясы жана учурда муниципалдык кызматкерлер үчүн өткөрүлүп жаткан квалификацияны жогорулатуу курстары тууралуу маалымат берди.

Кийинки кезек ийгиликтүү тажрыйбаларга жетип, Ананьев АӨнүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуу тажрыйбасын мурдагы Ананьев, азыркы Ж. Абдрахманов айылдык аймагынын АӨ адиси Агатаева Төлөн тартуулап, ал Финансы министрлигинин жарандык бюджет платформасын (www.gb.minfin.kg) пайдалануу менен коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү жана АӨ Фейсбук баракчасы аркылуу бюджеттик маалыматты жайылтуу боюнча АӨ ишмердүүлүгү тууралуу баяндап берди.

Семенов айыл өкмөтүнүн USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору менен кызматташуусунун алкагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун ишинин жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Урбаева Гүлжамал бөлүштү.

Презентациялар бүткөн соң катышуучулар тактоочу суроолорун берип, аларга тажрыйбаны ишке ашырууга түздөн-түз катышкан презентатор адистерден жооп алышты.