USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору өнөктөш муниципалитеттеринин ийгиликтүү практикаларын жайылтууда

25.06.2024 18:46
Кененирээк "Муниципалитет" журналынын июль айындагы санынан окуй аласыздар.
USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору өнөктөш муниципалитеттеринин ийгиликтүү практикаларын жайылтууда

2024-жылдын 25-июнунда Нарын шаарында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын “теңден теңге” өз ара окутуу платформасынын алкагында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү кызматтарды уюштуруу тажрыйбалары Нарын районунун ЖӨБ органдары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана төрагалары жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери менен адистерине тартууланды.

Сөз башын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Мадимаров Нуридин мырза алып, ал USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун Нарын облусундагы, анын ичинде Нарын районунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп өтүп, бүгүнкү иш-чарадан мүмкүн болгон пайдасын алууга катышуучуларды үндөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Баетов АӨнүн USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору менен кызматташуусунун алкагында комуз үйрөтүү кызматын уюштуруу тажрыйбасын ушул ийрим жетекчиси Шакирова Гүлзат жана катуу таштанды калдыктарын чогултуп чыгаруу жана ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кызматтарын жакшыртуу тажрыйбасын Баетов АӨнүн “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын адиси Жээнбекова Уулкан тартуулашты.

Эки кызмат тууралуу маалымат берилген соң, суроо-жооп сессиясы өткөрүлдү.