Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөр кайсы аймактарда мыкты уюшулган?

20.06.2024 22:45
Иш-чара тууралуу кененирээк баяндама https://myktyaimak.gov.kg дареги боюнча жеткиликтүү.
Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөр кайсы аймактарда мыкты уюшулган?

2024-жылдын 20-июнунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке жана Хан-Теңири айылдык аймактары менен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын базасында тажрыйба алмашуу иш сапары өткөрүлдү.

Тажрыйба алмашуу иш сапары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу боюнча мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жана ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын иши боюнча маалыматтарды жайылтуу максатын көздөгөн.

Иш-чара Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) тарабынан уюштурулуп, Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту өнөктөштүктө ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын мэрияларынын жетекчилерин жана кызматкерлерин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, муниципалдык ишканалардын жетекчилерин жана кызматкерлерин, эксперттер жана өнөктөштөрдү камтыган катышуучулар бир катар объекттер менен таанышышты:

  • Каракол шаардык “Каракол көрктөндүрүү, санитардык тазалоо комбинаты” муниципалдык ишканасынын таштандыны бөлүү тажрыйбасы;
  • Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке айыл өкмөтүндө муниципалитеттер аралык кызматташтыктын (МАК) алкагында КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу боюнча муниципалдык ишкананын ишмердиги (мыйзамдаштыруу, тегерегин тосмолоп чыгуу, катуу тиричилик калдыктарын (КТК) кабыл алуу пункту) боюнча тажрыйбасы менен жеринен барып таанышуу;
  • Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык аймагында балдар үчүн ийримдерди (комуз, гитара, бий) уюштуруу тажрыйбасы;
  • Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында муниципалдык ишкананын КТКны чогултууну жана ташып чыгарууну уюштуруу тажрыйбасы;
  • Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын заманбап ыкмаларды киргизүүнүн натыйжасында жергиликтүү калктын ыңгайына жараша кызмат акы төлөмдөрүн интернет, мобилдик капчык же тиркеме, жана терминалдар аркылуу төлөө шарттарын түзүү тажрыйбасы1.
  • Жети-Өгүз айылдык аймагында коррекциялык классты уюштуруу жана анын туруктуулугун камсыздоо боюнча тажрыйбасы2.

Ушундай эле тажрыйба алмашуу сапары Жалал-Абад облусунун Сузак, Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун ЖӨБ органдарынын жана муниципалдык ишканадардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 27-июнда өткөрүлөт. Тажрыйба алмашууга катышууну каалаган тараптар бул шилтеме аркылуу толук маалымат алса болот: https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=kg&id=579    

 

____________

[1] Кызыл-Суу айылдык аймагынын тажрыйбасынын кеңири сүрөттөлүшү ЖӨБ мыкты практикалар порталында жеткиликтүү: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=kg&id=338 

[2] Коррекциялык класстын ачылышы тууралуу кененирээк: http://municipalitet.kg/ky/article/full/1844.html Ал эми бул тажрыйбанын жети жылдан берки иш-аракеттери жана ийгиликтери тууралуу “Муниципалитет” журналынын июль айы үчүн санынан окуй аласыздар.