КРПМБА жана ӨСИ Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

06.06.2024 18:42
Кол коюу аземи 2024-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында өттү.
КРПМБА жана ӨСИ Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (КРПМБА) жана “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук биркимеси (ӨСИ) Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Кол коюу аземи 2024-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында өттү.

Меморандумдун максаты – Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана биргелешкен долбоорлорду (программаларды, иш-чараларды, демилгелерди) ишке ашыруу үчүн укуктук негизди түзүү.

«Биз Өнүктүрүү саясат институту менен көптөн бери кызматташып келебиз жана меморандум кызматташтыктын жетишилген деңгээлин бириктирип, ошол эле учурда мамилелерди өнүктүрүү багыттарын аныктайт. Биз Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө күч-аракетибизди бириктирип, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги фактору экендигин түшүнүү менен бөлүшүп жатабыз», — деди Алмазбек Акматалиев , КРПМБАнын ректору.

«Өнүктүрүү саясат институту муниципалдык кызматкерлерди жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн 15 жылдан бери окутуп келет, бирок биз эң негизгиси тренингдерди өткөрүү эмес, жергиликтүү өнүгүү жана башкаруу үчүн билимди башкаруунун туруктуу системасын түзүү деп эсептейбиз. Бул системада борбордук орунду ӨСИнин конструктивдүү иштиктүү мамилеси түзүлгөн Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясы ээлейт.  Меморандум биздин өнөктөштүктү кеңейтет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында билимди жогорулатуу жаатында биргелешкен иш-аракеттер үчүн күчтүү укуктук негиз түзөт», - деп белгиледи Надежда ДОБРЕЦОВА, ӨСИнин Башкармалыгынын төрайымы.

КРПМБА менен ӨСИнин биргелешкен ишмердүүлүгүнө маалымат алмашуу, биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, тегерек столдорду, семинарларды өткөрүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн окуу, усулдук, аналитикалык материалдарды иштеп чыгуу кирет.