Кеңеш айыл аймагынын борбору Совет айылында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кенеш айыл аймагынын калкына тазалыкты камсыз кылуу кызматын жакшыртуу боюнча, ошондой эле Кенеш жана Бешик-Жон айыл аймактары ортосундагы муниципалитеттер аралык кызматташуунун салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу ачылуу аземине Хелветас Свисс Интеркооперейшн ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору Анна де Биер, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун менеджери А.Мамбетова жана жооптуу кызматкерлери, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.К. Бегимкулов, Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б. Өмүрзаков, эл депутаттарынын Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы баш болгон депутаттар, “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, айылдардын жашоочулары катышышты.
Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Кеңеш жана Бешик-Жон айыл аймактарынын калкына тазалыкты камсыз кылуу кызматын жакшыртуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун аракет планы (КЖАП) иштелип чыккан. Үй-тиричилик калдыктарын жыйноо жана ташып чыгаруу кызматы көрсөтүлбөгөндүктөн, таштандыларды жыйноо боюнча шарттар түзүлбөгөндүктөн, жергиликтүү калк көчөлөрдүн бойлоруна, сайларга жана коомдук жайларга таштандыларды төгүп келген. Натыйжада айыл аймактагы санитардык-экологиялык абал начар болгон. Калктын арасында жугуштуу оорулар да көп болгон.
Айыл аймакта кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, туруктуулугун жакшыртуу үчүн айыл өкмөтүнүн адистеринин, АК депутаттарынын жана провайдердин дараметин жогорулатууга 63180 сом, тийиштүү документтерди даярдоого жана атайын адистердин кызматын пайдаланууга 173600 сом жана КЖАПтын иш-чараларынын аткарылышына биргелешкен мониторинг жана баалоосуна 12300 сом техникалык жардам гранты долбоордон берилип, Кенеш АО тарабынан 3 КЖАП даярдалды.
Даярдалган КЖАПтар “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун гранттык комиссиясына сунушталып, төмөндөгү КЖАПтар колдоого алынды, алар:
2018-жылдын 22-октябрында Кеңеш АК жана Бешик-Жон АК депутаттарынын кошмо жыйынында муниципалитеттер аралык кызматташуу боюнча ЖОБО талкууланып, бекитилди.
Турдукулов Медет, Совет айылынын айыл башчысы: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кеңеш айыл аймагында 14 турмуш тиричилик калдыктарды жыйноочу тосмолор курулуп, жашоочуларга таштандыларын жыйноочу тосмолорду орнотуу жаңылык болду. Таштандыларды жыйноо жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүлө башталып, натыйжада айлана-чөйрө, көчөлөрүбүз тазаланып, жашаган жерибиздин көрүнүшү кооз болуп калды”.
КЖАПтарды турмушка ашырууда:
Жарандардын баалоо баракчаларынын жыйынтыгы менен коомдук угуу өткөрүлдү, жыйынтыгында таштандыларды ташып жыйноо, ташып чыгаруу жана утилдештирүү кызматы, муниципалдык ишкана, тарифтер, келишимдер, долбоордун алкагында аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтар толукталды, элдин суроолоруна жооптор берилип, айыл аймактын эли бул кызматтын уюштурулгандыгын колдошууда.