Кыргызстанда Улуттук Урбан Форум өттү

18.10.2024 13:45 — 18.10.2024 13:45
Медиа байланыштар:
Азат Мурадыл, “ MoveGreen” коомдук уюму – azat.muradyl@movegreen.kg ; +996555422442;
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы – Бегимай Алмазова; +996707486162.

Программа жана форум тууралуу кеңири маалымат сайтта: urban.kg
Кыргызстанда Улуттук Урбан Форум өттү

Бишкек, Кыргызстан – 2024-жылдын 16-18-октябрында Бишкек шаарынын мэриясы, “MoveGreen” коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүгү биргеликте Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулган Улуттук урбан форум өттү.

Иш-чаранын максаты - активдүү жарандардын, алдыңкы эл аралык жана улуттук эксперттердин жана Кыргызстандын 33 шаарынын мэрлеринин ортосунда диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү болду. Катышуучулар урбанизациянын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашты жана шаардык жана айылдык жамааттардын тез өсүп жаткан муктаждыктарын чечүү үчүн натыйжалуу чечимдерди издеп чыгышты.

Форум шаарлар арасында өнөктөштүктү орнотуу жана жаңы шаардык өнүгүү стратегияларын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болду. Форумга Кыргыз Республикасынын бардык шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү, Монголиянын Улан-Батор шаарынын мэриясы, Түркиянын 3 шаарынын өкүлдөрү, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Бирлиги, Россия шаарлар Союзу, Казань шаарындагы «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Евразия аймактык бөлүмү, Казакстандын Жергиликтүү коомчулуктар элдик конгрессинин төрагасы, Франция, Германия, АКШдан келген эксперттер, БУУ Хабитаттын өкүлдөрү - Кения, эл аралык аймактык өнүгүү жана big data (чоң маалымат) боюнча эксперттер, шаардык активисттер, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форум – эксперттик жана коомдук форматтарды бириктирип - гибриддик форматта өттү. Форумдун алкагында пландаштырылган эксперттик сессиялар мэриялар үчүн да, шаардыктар үчүн да чоң мааниге ээ. Сессиялардын жүрүшүндө глобалдык чакырыктардын жана туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстинде урбанизация процесстеринин улуттук өзгөчөлүктөрү жана милдеттери аныкталып, ошондой эле, шаарды туруктуу өнүктүрүүнүн мыкты эл аралык тажрыйбалары талкууланат. Форум Кыргыз Республикасынын шаарларынын ортосундагы байланышты бекемдеди.

Кеңири коомдук программа глобалдык тенденциялардан урбанизациянын чакырыктарына чейинки темалардын жана форматтардын кеңири спектрин камсыз кылды. Форум форматы формалдуу эмес шартта тажрыйба алмашууга жана өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Өнөктөштөр:

Austausch e.V.; «Bread for the World» эл аралык агенттиги; Казакстандагы Гёте-Институту; Бишкектеги Француз Альянсы; Фридрих Эберт Фонду (FES); Климат жана энергетика боюнча мэрлердин Глобалдык келишими (GCoM); БУУ-Хабитат, Кения; Урбан Хаб Бишкек; Asia Resilient Cities; АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID); Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы (SDC) жана GIZ (BMZ, ЕС, Швейцария Өкмөтүнүн биргелешкен каржылоосу менен).