Ысык-Көлдө «Кыялдын» үлгүсү жандана баштаган

Ысык-Көлдө «Кыялдын» үлгүсү жандана баштаган
20.11.2013 16:28, —

Уузчулук өнөр Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда бир кыйла жакшы өнүгүү жолуна түшүп калганы байкалат. Мисалы, боз үйчүлүк, кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрүн жамааташып иштеп, ар кандай бирикмелерге (ассоциация) биригип иштешүүдө.

Жер каймактагандагы ата-бабаларыбыздын турмуш-тиричилигиндеги зарылчылыктан келип чыккан кол өнөрчүлүгү бүгүн да жашоо шартка жараша уузчулуктун улуттук уңгусу сакталып келе жатат. Кошуна өлкөлөрдө деле мындай өнөрлөр сакталган. Бирок кыргыздын өзгөчөлүгү бир аз башкараак. Айталы ак кар жамынган Ала-Тоо кандай бийик болсо, кыргыздын боз үйү да алыстан заңкайып келишимдүү аппак жумурткадай көрүнөт. Балким, “бул жер шартына да байланыштуубу” деген да ой жүгүртүүгө алып келет. Казактардыкы бир аз башкачарактай: эмнегедир көбүн эсе кара кийизден жасалгандыктан кум дөбөлөргө окшошуп, пасыраак пакене көрүнөт. 

Уузчулук өнөр Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда бир кыйла жакшы өнүгүү жолуна түшүп калганы байкалат. Мисалы, боз үйчүлүк, кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрүн жамааташып иштеп, ар кандай бирикмелерге (ассоциация) биригип иштешүүдө. Бирок кээде бирикмелер бирикпеген, уюмдашып баш кошпогон учурлар да кездешет. Мына ушуга карабай негизинен уюмдашуусу башка облустарга үлгү болорлук саамалыктар бар.

Кол өнөрчүлүгүн насыйкаттаган майрамдар (фестиваль) да көбүрөөк өткөрүлүп жатканын жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай чагылдырылганын байкоого болот. Мунун бир далили «Кийиз дүйнө» майрамын айтууга болот. Анын үстүнө көл калаасына жайкысын келген туристтер синтетикалык эмес, кол өнөрү менен жасалган табигый буюм-тайымдарга кызыгуусу артылып, кымбатка сатып алган учурлары арбын кездешет. Мына дал ушул шарттар кол өнөрчүлүктүү өнүктүрүүнү шарттаган жагдайлардын бири. Өнүктүрүү саясат институту уюштурган пресс-сапарда анын ачык-айкын күбөсү болдук. 

Маселен, Казакстандын жарандары кыргызстандык чеберлердин колунан жасалган буюм-тайымдарды АКШ доллары менен баасын көтөрүп алышкан учурлары арбын. Ошолорду дүйнөлүк Эл аралык көрсөтмөлүү маданий иш чараларга Казакстандын атынан коюшкан учурлары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, акыркы убактарда арбын айтыла баштады. «Кыргыздын боз үйүн казактыкы кылып, Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы ЮНЕСКОго каттатып алды» деп да нааразы болгон учурлар кездешет. Бул чын-чынына келгенде орток мурасттардын катарына кирет. Оозунуп умтулуу дегенге маани бербегендигибиз үчүн кимдир бирөөгө кине койгонго болбойт!

Ысык-Көл районунун Ананьева айылынын тургуну Рысбек Мамытов айыл калкынын ишсиз жүргөн тургундарын бириктирип, териден жасалуучу буюм-тайымдарды жасоочу чеберкананы үйүнө ачып алган. Эмгекти уюштурууда эркектер жасай турган иштерди аларга, ал эми кыз-келин жасай тургандарды алардын жасашына шарт түзгөн. Кыргыз, орус жана спорттук ээрлерди жана камчыларды эркектер, кыз-келиндер ар кандай улуттук белек-бечкектер менен алектенет.

Айыл эли колхоз-совхоз тараганы үлүш жерине ээ болгондуктан, аны иштетип, кол өнөрчүлүгүн да калтырбай усанып маяна тапкан айылдагылардын бирлеринен болуп калышкан. Баш-аягы 15 жумушчу орун түзүлгөн. Орточо эмгек акысы 7 миң сомдон жогору болушу айыл жеринде жашагандар үчүн чынында чоң акча. Үй тирлиги да калбай, иши да жүрүп жатканына мында иштегендер ыраазы.

Эркектер ээр токум чаап, уйдун терисин чылгый кылып капташып, ал каткан кезде Бишкектин «Тери заводунан» сатылып алынып келген терини сыртынан каптайт. Ага оюмдар түшүрүлгөн. Оюмду кандай түшүрөрүн сураганыбызда, Рысбек муну ачыкка чыгаруудан баш тартты. Мунун жөнүн «коммерциялык сыр» менен байланыштырды.

Ээрдин сырткы көрүнүшү көргөн адамдын табитин тарта тургандай суктанарлык кооздолгон. Бүтпөгөн ээрине капталуучу заводдун терисин үстүнө жаап койду эле оюмдары жарашык берип, көз тайгылта жарашыктуу көрүндү. Сыягы көмөлдүрүк, куюшканы тагылса, көз кумарын кандырган ээр болорунан шек санатпайт. Айланчыктап эле карап тургуң келегендей эле болуп калат. Кыргыз ээрдин кардарлары казакстандыктар экен. Алма-Ата шаарына барып сатса, 1,5 миң доллардан сатыла турганын, чек ара бекеттиндеги бажыканадан бир аз кыйынчылык болоорун, ал эми казактарга жеткенде эч бир чие түйүндөр болбосун, ал тургай талашып аларын айтты. Айылдын өзүнөн 1 миң доллардан сатса, орус ээрлерди 20 миң сомдон сатышат экен.

Рысбектин жубайы Гүлзада Кударканова иштеген кыз-келиндер тууралуу буларды айтты:

- Төрөп-түшкөн келиндер бала-бакырасын карап, үйдөн иш жасап беришет. Мектепте окуган кыздар да бош убактыларында буюм-тайым жасай койгондор бар. Эми булардын эмгек акысын жасаган ишине жараша төлөп беребиз. Мисалы, бир буюм жасап бергенине 20 сомдон кем эмес акы төлөнөт. Минтип иштегенибизге он жылдын жүзү болуп калды. Эми жумушчу орунду көбөйтүүнү да ойлонуштуруп жатабыз. Чоңураак чеберкана ачсак деген тилектебиз, - дейт.

Тери иштеткен Максат Акматбеков:

- 3 бала ушул жерде иштейбиз. Ишибиз негизинен жаман эмес деп айтсам болот. Белекке берилүүчү кичинекей боз үйлөргө тапшырык түшкөндө кээде бир күндө 50 жасап салабыз. Өзгөчө камчы салгычка тапшырыктар көп түшөт. Бирок дайым эле мындай боло бербейт. Эң жакшы иштеген айларыбызда 10 миң сомго чейин эмгек акы алабыз. Болбосо, 7 миңден кем эмес, ал тургай 8 - 9 миңден да болуп калат. Үйдө иштегендерге караганда көбүрөөк алабыз, – деп айтты.

Ананьевадагы бул чакан ишканада терилерди тигүүчү машинкалары бар. Эгерде чеберкана ачып кала турган болсо, анда такай ошол жерде иштеп, көбүрөөк эмгек акы таабуучулардын саны дагы арбымак. Андай жумушчу орунду түптөгөнгө имарат табылса негизинен материалдык-техникалык база түзүлүп калган деп айтууга толук негиз берет. Чакан ишканада гендирдик тең салмактык сакталган, ал тургай теңме-тең жумушчу орун түзүлгөн.

Тоң районундагы Бөкөнбаев айылындагы «Алтын оймок» кол өнөрчүлөрдүн иши менен таанышканыбызда бирикмелердин башы кээде бирикпей чоң тапшырыктарды бөлүштүрүп иштешүүдөгү айрым кемчиликтер тууралуу билдик. Чет өлкөдөн 1000 шырдак жасоого тапшырык келип түшкөн. Бирок ал кайсыл өлкөдөн экенин ачыктаган жок. Ал тууралуу «Алтын оймок» ишканасынын жетекчиси Жаңыл Баишова буларга токтолду:

- Районубузда баарыбыздын башыбызды кошо турган бир кадыр-барктуу инсаныбыз жок болуп жатат. 1000 шырдакты бөлүштүрүп жасап берсек болмок. Түзүлгөн ушул жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибердик. 

Азыр ишканабызга канадалыктардан 200 шырдак жасап берүүбүзгө тапшырык келип түшкөн. Буйруса 3 айда бүткөрүп берели деп, ошонун үстүндө жан үрөп иштөөдөбүз. Андан ашыкка чама-чаркыбыз жетпейт. Чынында буга чейин 200 – 250 шырдакты бир жылда жасап келгенбиз, - деди.

Анткени бул орто ишканада 39 аял иштейт. Жүндү тытуучу, кийиз жасоочу жабдуулары бар. Болгону жүндү даярдоодо кыйынчылыктар бар. Анын үстүнө илгеркидей меринос койлору жок. Элдин басымдуу көпчүлүк бөлүгү бышык-чыйраак деп, кыргыз койлорду багууга өтүп кеткен. Муну табууда да чие түйүндөр бар. Ишкерлер жүндү кытайга сатууга ыкташып алган. Ошолордон талашып-тартышып сатып алууга аракеттенишет.

1996-жылдан бери Жаңыл Баишова бир топ эле кыйынчылыктарга кабылган. Иштин оорчулугуна жалакайланып жумуштан кеткендер да болгон. Эми минтип жоон топ чоң коллективди түзүүгө жетишти.

Жаңыл ошол алгачкы жылдарын минтип эскерди:
 - Айылыбызга Бишкек шаарынан Динара Чочунбаева келип, кол өнөрчүлүк боюнча семинар өткөрүп калды. Ал мезгилде аялдар эмес, эркектер ишсиз калган. Семинардан улам мага жаңы ой келди. «Канткенде аялдарды иш менен камсыз кыла аламын» деген. Ошонун үстүндө түйшөлүп иш алып бардым. Буйруса, бир кездердеги кыйынчылыктар артта калды. Бүгүн ошол Динара Чочунбаева Борбордук Азия боюнча кол өнөрчүлөрдүн президенти. Мен болсо, кичи ишкананы негиздеп, аны орто ишканага айлантууга жетиштим, - дейт. 

Жасаган шырдактарынын 1 чарчы метрин 3500 – 4500 миңге чейин сатыкка коет. Ала кийиз, баш кийим, моюн орогуч, үй ичинде кийүүчү жеңил бут кийимдерди, белекке берилүүчү ар кандай буюм-тайымдарды да жасашат. Сайма өнөрү менен алп урушкандар бар. Мына ушуларды сатыкка алып чыгуу үчүн атайын ишканасынын ичине чакан дүкөн да ачып алган. Андан тышкары Бишкек шаарындагы «Колдошов» деген дүкөнгө да товарларын сатыкка чыгарганга жетишкен.

Баишованын бул ишинен улам, республикалык маанидеги экинчи ордолуу шаар Оштогу пресс-сапарда (жогоруда аты аталган Институттун быйылкы жайдагы пресс-сапарында) болгонубуздагы бир ишке токтоло кетүүнүн ылайыгы келип турат. Өзгөн шаарынан а дегенде 3 миң тоок багып бизнесин баштаган айым Бурул Карыпбекова, алгач анын этин, жумурткасын сата турган ларөкти Ош шаарынан ачып иштете баштаган. Муну менен канааттанып калбай безнесин тармактантып, чоң эки кабаттуу имараттын биринчи кабатын бүтүндөй ижарага алып, азык-түлүк саткан чоң супермаркетинг «Азык ордо» дүкөнгө айланткан. Анда 60 жумушчу орду түзүлүп, анын тең жарымынан көбүн аялдар түзөт. Башкасын айтпаганда да нандын эле 15 түрүн, торттун да ар кандай түрлөрүн жасатып саттырып жатат. 

Бирок Ош шаарын республикабыздагы кичи шаарлар менен салыштырып болбойт? Аялдардын бизнес жаатындагы орду аябагандай өнүккөн. Курулуш материалдарын жасаган ишканаларды аялдар жетектегенин көрдүк. Андайлардын бири Гүлчахира Масадыкованын өз кесиби соода-сатык боюнча адистикке ээ. Базар мамилесинин көзүн таап, бизнес жасоонун ыңгайлуу жолун өздөштүрүп алган. Песко блок кирпичтерди жана жерге төшөлүүчү бурсчаткаларды жасоочу цехти жетектейт. 

Бурул Карыпбекова жөнүндөгү кептин келип чыгышынан кыба окурман журту эмнени баамдоого болот? «Алтын оймоктуктар» да өндүргөн товарын Бурул сыяктуу сатып өткөрүүнүн жаңы жолун тапса деген идеяны айтып жаткандыгыбызды туюндуруудан келип чыкты. 

Балким, Жаңыл да Бишкек же Каракол шаарларынын бирине улуттук буюм-тайымдарды сата турган супермаркетинг дүкөн ачып, жасаган буюмдарын ошол жакка коюп сатса деген тилекти айтып жатабыз. Албетте, 39 кишини иштеткен ишкер буга да колу жетип калаар деп ойлойбуз.

Ишкананын өзүндө туруктуу иштеген 7 аялдын орточо айлыгы иштеген ишине жараша 6000 – 7000 сомдон айына айланат. Ал эми үйдөн иштегендер 4000 сомдун тегерегинде эмгек акы алышат. Ишсиз бош жүргөндөн көрө минтип эмгектенсе бала-бакыраларына чай пулдук каражатты таап алышат.

«Оймок ордонун» дагы бир жакшы саамалыгы 5 – 6 айылдын кыз-келиндеринин арасында семинарларды өткөрүп, уузчулукту усануусуна карата окууларды уюштуруп, кыз-келиндерди көбүрөөк тартып жатканын баса белгилеп айтып коюга тийишпиз.

СССР кулардын алдында Кыргыз ССРинде «Кыял» деген бирикме болгон. Элет жеринде ишсиз калган аялдарды төшөк-журкан каптатып, эмгек менен камысыздаган. Мунун эң чоң пайдасы айлык акы таап иштегедигине байланыштуу көп аялдар пенсияга чыгышын камсыздаган. Буга чейин андай бирикменин жогунан карылыгы боюнча пенсияга чыгууга аргасыз болуп келген. 

Мына ушул жолду көлдүктөр тандап алгандыгы көрүнүп турат. Ырас, кыргызда: "Көч бара-бара оңолот», - деп бекер жеринен айтылбаган. Акыркы жылдардагы турмуштун сабактары жамаатташып айыл ичинде иш жасоо жагын мына ушул облустан башка облустун жарандары үйрөнсө болот.

Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВ.

 

Проект: