Сайттан «Мен - жергиликтүү кеңештин депутаты» жыйнагынын сегизинчи, кайра иштелип чыккан жана толукталган басылышын жүктөп алууга болот. Басылма Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 190 суроосуна жөнөкөй жана түшүнүктүү жоопторду камтыйт.
Жыйнакка жергиликтүү кеңештердин депутаттары иш жүзүндө туш болгон суроолор жана көйгөйлөр киргизилген. Алар Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун байланыш аянтчаларында, ошондой эле депутаттардын катышуусунда өткөрүлгөн жолугушууларда жана иш-чараларда топтолгон. Басылмада депутаттардын укуктары жана милдеттери, туруктуу комиссиялардын жана сессиялардын иши, ЖӨБдүн аткаруу органдары жана жарандар менен өз ара аракеттенүү, жергиликтүү бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү программалары, муниципалдык менчик, жер маселелери жана башка практикалык темалар камтылган.
Сегизинчи басылыш суроолордун мазмуну боюнча олуттуу түрдө кайра иштелип чыгып, мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр эске алынып толукталган. Жыйнак Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан биргелешип даярдалган.
Басылма жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, ошондой эле студенттерге, окутуучуларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине кызыккан бардык адамдарга пайдалуу болот.
Жыйнакты жүктөп алуу: «Мен - жергиликтүү кеңештин депутаты. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 190 суроосуна жөнөкөй жооптор жыйнагы», 2026.
