Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын табыштамасы боюнча «Өнүктүрүү саясат институту» КБ колдоосу менен басылып чыкты
БШКНЫН МААЛЫМАТ РЕСУРСТАРЫ
КР БШКнын расмий сайты www.shailoo.gov.kg
www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында - БШКнын шайлоо участоктору, райондор, шаарлар жана бүтүндөй республика боюнча шайлоочулардын тизмеси жөнүндө электрондук форматтагы маалымат камтыган интернет-ресурсу.
www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, саясий партиялар, шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлөт.
Даттануулар жана кайрылуулар реестри (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/) атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, кароонун жүрүшү жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер көрсөтүлөт.
БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары:
0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.