Форум Борбордук Азиянын айылдары, шаарлары жана райондору бир тилде – практикалык чечимдердин тилинде сүйлөшкөн аянтчага айланды. Инвестициялар жана жергиликтүү экономика, санариптик платформалар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары, тоолуу жана алыскы аймактардагы иштер, ошондой эле башкаруу деңгээлдери ортосунда, атүгүл өлкөлөр ортосундагы көпүрө катары муниципалдык ассоциациялардын ролу көңүл чордонунда болду.
Талкууда негизги жаңылык чыкты: катышуучулар талкуулардан Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүүгө өтүүнү макулдашты. Бул Кеңеш туруктуу платформа болуп, дайындарды жана аспаптарды макулдашууга, сунуштарды даярдоого жана жарандарга түшүнүктүү болгон жыйынтыктар үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө жардам берет.
Мындай Кеңеш кондурма катары эмес, беш өлкөнүн ассоциацияларынын, тармактык министрликтеринин жана муниципалитеттеринин жумушчу “хабы” катары пландалды. Бул “хабда” инвестициялык климатты жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуучу бирдиктүү стандарттар, чечимдер жана сынамык идеялар жаралмакчы. Форумду чөлкөмдөгү эки өлкө демилгелеген – Өзбекстандын атынан Махаллалар ассоциациясы жана Кыргызстандын атынан Өнүктүрүү саясат институту.