Долбоор мөөнөтү: 2021 – 2026
Долбоорду ишке ашыруучу уюм: Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ)
Негизги өнөктөштөр: Дүйнөлүк Банк, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА), Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги, Өзбекстандын Махаллалар Ассоциациясы
Географиялык камтуу: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан
Байланыш: Надежда Добрецова, NDobretsova@dpi.kg
EGED — Улуу Британия өкмөтү (FCDO) тарабынан каржыланган беш жылдык долбоор. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы приоритеттүү реформалардын алкагында экономикалык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун, жоопкерчилигин жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган.
Өнүктүрүү саясат институтунун долбоордогу ролу
«Өнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмеси FCDO менен түзүлгөн келишимге ылайык, «Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу» (EGED) программасын ишке ашырат. Бул программа 2021-2024-жылдар аралыгында ACTED тарабынан ӨСИ менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, 2024-жылдын сентябрь айында ӨСИ программаны улантып ишке ашырууну баштады. Программанын алкагында ӨСИ башка уюмдар менен өнөктөштүктө жарандык коомдун катышуучуларынын ачык-айкын жана эффективдүү экономикалык саясатка болгон суроо-талапты жогорулатуу аркылуу Борбордук Азияда инклюзивдүү өнүгүү үчүн экономикалык башкарууну илгерилетүүгө жардам берет.
Бул долбоордун алкагында ӨСИ эки пилоттук райондо – Ат-Башыда (Нарын облусу) жана Ноокатта (Ош облусу) - координациялык кеңештерди түзүүгө салым кошкон. Бул кеңештер аймактарды өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарын, ишканаларды жана жамааттарды бириктирет.
Ат-Башы жана Ноокаттагы ийгиликтүү тажрыйбадан улам социалдык-экономикалык өнүгүү программалардын методикалары төмөнкү пилоттук райондорго киргизилет: Базар-Коргон (Жалал-Абад облусу), Кемин (Чуй облусу), Кадамжай (Баткен облусу), Жети-Өгүз (Ысык-Көл облусу), Айтматов (Талас облусу).
Негизги багыттар
Күтүлгөн жыйынтыктар