“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк (мындан ары – Өнөктөштүк) “Жергиликтүү жамааттар үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсун (мындан ары – Конкурс) өткөрөт.
Конкурстун максаттары жана милдеттери
Конкурстун негизги максаты – жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрү эсепке алынуусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого жарандарды тартуу аркылуу жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбаларын аныктоо жана жайылтуу.
Конкурстун тапшырмалары төмөнкүлөр:
Конкурстун катышуучулары
Конкурска 2026-жылдын май-август айларында 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды (КУ) өткөргөн Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн бардык аткаруу органдары катыша алышат.
Конкурска катышуу үчүн ЖӨБ органдары ушул Жободо белгиленген тартипте өтүнмө жиберүүгө тийиш.
Тандоонун критерийлери
Өтүнмөлөр мазмунунун сапатына жараша жана тиркелген материалдардын негизинде бааланат.
Жеңүүчүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык аныкталат.
| N | Критерийлер | Көрсөткүчтөр | Крийтерийдин салмагы |
| 1. | Коомдук угууларга чейин жана андан кийин өткөрүлгөн маалыматтык иш-чаралардын сапаты | Жарандарды алдыда өтчү коомдук угуулар жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалымдоодо колдонулган коммуникациялык каналдардын саны. | 20 % |
| 2. | Жарандардын коомдук угууларга катышуусу жана шаардын/айылдык аймактын аймагын камтуу | Айылдардын/аймактагы райондордун/шаардын жамааттарынын атынан чыккан өкүлдөрдүн мүмкүн болушунча көп саны, угуулардын катышуучуларынын жана өткөрүлгөн угуулардын саны. | 20 % |
| 3. | Гендердик тең салмактуулукту сактоо | Угуулардын катышуучуларынын арасында гендердик тең салмактуулукту сактоо, ошондой эле гендердик жана калктын аярлуу катмарынын маселелерин чечүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү. | 10% |
| 4. | Бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана сапаты | Коомдук угууларда көрсөтмө материалдардын колдонулушу жана бюджет деталдуу көрсөтүүнүн деңгээли. | 15 % |
| 5. | Аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП же башка стратегиялык документтер) менен жергиликтүү бюджеттин ортосундагы байланыш | Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүүдө СЭӨПда жана башка стратегиялык жана сектордук документтерде көрсөтүлгөн артыкчылыктардын жана өнүктүрүү пландарынын эсепке алынышы. | 15 % |
| 6. | Жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча жарандардын пикиринин/сунуштарынын тийгизген таасиринин даражасы | Коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча жана жарандардын сунуштары менен сунуштамаларын эске алып, жергиликтүү бюджеттин долбоорунда сумманы көрсөтүү менен өзгөрүүлөрдүн саны. | 20 % |
| БААРЫ: | 100 % |
Коомдук угууларга чейин жана андан кийин маалыматтык өнөктүктүн сапаты
ЖӨБ органдары жарандарды алдыдагы коомдук угуулар жана бюджеттин долбоору тууралуу алдын ала, түшүнүктүү жана жеткиликтүү маалымдоого тийиш. Угуудан кийин жарандарга кайсы сунуштар эске алынганы, ал эми эске алынбаган сунуштар боюнча себептери түшүндүрүлүшү керек. Баалоодо колдонулган маалыматтык каналдардын саны жана түрү эске алынат.
Катышуучулардын камтылышы жана угуулардын ар кайсы жерлерде өткөрүлүшү
Коомдук угууларга борбордук аймактардын гана эмес, алыскы айылдардын жана шаардын бөлүктөрүнүн жашоочулары да тартылышы зарыл. Баалоодо катышуучулардын саны, ар кандай социалдык топтордун өкүлчүлүгү жана гендердик тең салмактуулук эске алынат.
Гендердик тең салмактуулук жана инклюзивдүүлүк
Коомдук угууларда бир жыныстын өкүлдөрү 30 пайыздан кем болбошу керек. Угууларды уюштурууда аялдар менен эркектердин тең катышуусуна ылайыктуу убакыт жана жер тандалып, маалыматка бирдей жеткиликтүүлүк камсыздалышы зарыл. Жергиликтүү бюджетти түзүүдө аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана башка аярлуу топтордун муктаждыктары эске алынышы керек. Мүмкүнчүлүккө жараша бюджетте аныкталган артыкчылыктарга, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чараларына каражат каралышы маанилүү.
Бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана сапаты
Бюджеттин кирешелери жана чыгашалары жөнөкөй, түшүнүктүү жана көрсөтмөлүү форматта берилүүгө тийиш. Жамаат үчүн маанилүү объектилер жана кызматтар боюнча маалымат өзүнчө көрсөтүлүшү зарыл.
Эгер бюджеттин кайсы бир беренеси 10 пайыздан ашык көбөйсө же азайса, анын себеби презентацияда түшүндүрүлүшү керек.
Катышуучулар бюджеттин долбоору боюнча жарандык бюджетти да даярдоого тийиш. Аны http://gb.minfin.kg WEB-тиркемеси аркылуу түзүүгө болот. Жарандык бюджеттин толуктугу, тактыгы жана ЖӨБ органынын расмий сайтында жарыяланышы баалоодо эске алынат.
Байгелер
Конкурстун байге фонду 1 500 000 (бир миллион беш жүз мин) сомду түзөт. Байге фондунун каражаттарын Швейцариянын Өкмөтү каржылаган Өнөктөштүк бөлдү.
Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылат. Бул байгелер төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
Милдеттүү шарт – байге женүүчүнүн бюджетине которулгандан кийин үч (3) айдын ичинде алынган байгелерди пайдалануу менен жүргүзүлүп жаткан иштер же өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө отчет берилиши керек. Өнөктөштүк конкурстун байге фондун толугу менен пайдаланбоо укугун өзүнө калтырат.
Комиссия түшкөн материалдарды карап чыгып, өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт. Комиссиянын чечимин каржылоочу уюм жактырууга тийиш.
Долбоордук өтүнмөнү берүүнүн мөөнөттөрү
Төмөндө көрсөтүлгөн форма боюнча электрондук түрдө өтүнмөлөрдү жана тиешелүү тиркемелерди долбоорду ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2026-жылдын 1-сентябрынан 20-сентябрына чейинки аралыкта ӨСИнин адиси Азамат Мамытовго жибериш керек.
Дареги: Бишкек ш., Шевченко көч., 114-үй, III кабат. Тел.: (0312) 97-65-30 (31, 32), (770) 771114 Факс: 97-65-29 же электрондук дареги: AMamytov@dpi.kg. Сынак жөнүндө жобону жана өтүнмөнүн формасын бул жерден жүктөп алыңыз: