Өтүнмөнү төмөнкү дарек боюнча жөнөтүү зарыл: Бишкек ш., Шевченко көчөсү, 114, III кабат же ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аялынын жергиликтүү демилгеси” белгиси менен dzh.arbanalieva@dpi.kg электрондук дареги боюнча 2026-жылдын 18-сентябры, саат 17:30га чейин жөнөтүү зарыл.
“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН АЙЫМЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕСИ” КОНКУРСУН ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО
Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу чөйрөсүндө, “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын колдоосу менен “КР ЖӨБ аялынын жергиликтүү демилгеси” конкурсун жарыялайт.
Конкурсту өткөрүүнүн максаты: (1) жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү жана жалпы коомчулукту туруктуу өнүктүрүү, (2) гендердик теңчиликти илгерилетүү, (3) аялдардын лидерлигин колдоо жана илгерилетүү, ошондой эле (4) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын аял кызматкерлери тарабынан ишке ашырылып жаткан жергиликтүү демилгелердин мыкты практикаларын табуу жана колдоо.
Конкурстун уюштуруучулары:
Конкурсту өткөрүүнүн тартиби: конкурска катышууга Өнүктүрүү саясат институтуна ишке ашырылган жергиликтүү демилгенин сүрөттөмөсүн берген (шилтеме аркылуу жеткиликтүү форма боюнча төмөнкү текстти караңыз) жергиликтүү кеңештин аял депутаттары же муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын аял кызматкерлери чакырылат.
Катышуу ыктыярдуу негизде өтүнмө берүү жана ушул Жободо көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык ишке ашырылган же улантылып жаткан демилгени сүрөттөө жолу менен жүзөгө ашырылат.
Бул конкурстун алкагында жергиликтүү демилге деп жергиликтүү кеңештин аял депутаттары же муниципалдык кызматчылар тарабынан жергиликтүү коомчулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана/же өкүлчүлүктүү органдары менен бирге демилгеленген жана ишке ашырылган иш-чара (чаралар) же механизмдер, ыкмалар таанылат. Демилгелер төмөнкүлөр менен байланышышы мүмкүн:
Маанилүү:
Ар бир өтүнмө ээсинен жергиликтүү демилгени сүрөттөө менен мисалдардын (өтүнмөлөрдүн) саны чектелбейт, бирок ар бир мисал (өтүнмө) бир гана көйгөйгө тиешелүү болууга тийиш. Сүрөттөмө 1500 сөз менен чектелүүгө тийиш. Фотосүрөттөр, видеоматериалдар, гезит жана журналдарда басылмалардын үзүндүлөрү презентациянын баалуулугун жогорулатат (өтүнмөнүн формасын караңыз, №1-тиркеме / өтүнмө формасын бул жерден жүктөп алыңыз): №1 ТИРКЕМЕ.
Коомчулуктун туруктуулугу, инновациялуулугу, катышуусу кубатталат.
Көңүл бургула! Толтурулган өтүнмөлөр мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Өтүнмөлөрдү 2026-жылдын 18-сентябрына чейин Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине берүү зарыл.
Өтүнмө берүүнүн тартиби:
Катышуу үчүн өтүнмөнү белгиленген формада толтуруп, колго же көрсөтүлгөн дарекке электрондук түрдө жөнөтүү керек (төмөндө кара).
Өтүнмөдө көрсөтүлөт:
Өтүнмөлөрдү баалоо 2 этап менен өткөрүлөт:
1-этап. Техникалык тандоо, өтүнмөнүн талаптарга ылайык келүүсүн, талап кылынган тиркемелердин болушун ж.б. текшерүү болуп саналат. ӨСИ атынан конкурстун уюштуруучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.
2-этап. Төмөнкү критерийлерге ылайык Конкурстук комиссия тарабынан өтүнмөлөрдү баалоо:
Бардык критерийлер тең салмактуу. Демилгелер ар бир критерий боюнча 5 баллдык шкала боюнча өзүнчө бааланат. Өтүнмөсү максималдуу балл алган өтүнмө ээси жеңүүчү деп таанылат.
Уюштуруучулар кошумча материалдарды талап кылуу, катышуучу менен онлайн маектешүү, ошондой эле өнөктөш уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу маалыматты текшерүү укугун сактап калышат.
Конкурстук комиссия катышуучулар тарабынан берилүүчү өтүнмөлөрдү өз алдынча карайт. Өтүнмөлөрдү баалоо өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы күнүнөн тартып 20 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Комиссия мүчөлөрү өтүнмөлөрдү жогоруда көрсөтүлгөн Тартипке ылайык баалашат жана алар тарабынан жүргүзүлгөн баалоо боюнча түшүндүрүү үчүн жоопкерчилик тартышпайт. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалымат Конкурстун уюштуруучуларынын сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында, “Муниципалитет” журналында жарыяланат. Жеңүүчүлөр Конкурстук комиссия чечим чыгаргандан кийин бир жумалык мөөнөттө жазуу жүзүндө маалымдалат.
Конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
Конкурстук комиссиянын чечими баалоонун (топтогон баллдын) жыйынтыгы боюнча кабыл алынат жана каржылоочу уюм тарабынан жактырылууга тийиш.
Жергиликтүү демилгенин тажрыйбасын жайылтуу: ӨСИ конкурска көрсөтүлгөн жергиликтүү демилгелердин мисалдарын өзүнүн басылмаларында жарыялоого ниеттенет. Басылмаларда орун чектелүү болгондуктан, биз берилген тексттерди редакциялоо укугун калтырабыз. Ошондой эле жергиликтүү демилгелердин мыкты үлгүлөрү Конкурстун Уюштуруучуларынын маалымат ресурстарында жайгаштырылат.
Байге фонду: Жалпы байге фонду 800 000 сом. Байге фондунун каражаттары Швейцария Өкмөтү каржылаган “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасы тарабынан берилди.
Байгелер:
Уюштуруучулар конкурстун байге фондун толугу менен колдонбоо укугун өзүнө калтырат.
Байге фондунун каражаттары ишке ашырылган демилгени жакшыртууга же жаңы демилгени киргизүүгө өбөлгө түзүүчү товарларды сатып алууга жумшалышы мүмкүн.
Өтүнмө берүү:
Өтүнмөнү төмөнкү дарек боюнча жөнөтүү зарыл: Бишкек ш., Шевченко көчөсү, 114, III кабат же ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аялынын жергиликтүү демилгеси” белгиси менен dzh.arbanalieva@dpi.kg электрондук дареги боюнча 2026-жылдын 18-сентябры, саат 17:30га чейин жөнөтүү зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн ӨСИнин адиси Джамиля Арбаналиевага электрондук почта аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: dzh.arbanalieva@dpi.kg
АТАЙЫН БАРДЫК КАТЫШУУЧУЛАР ҮЧҮН!
Өтүнмөнү толтурабыз: Конкурстун уюштуруучулары конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү толтуруу боюнча онлайн сессияларды өткөрүшөт:
Сессияга катышуу үчүн 2026-жылдын 24-апрелинде, саат 12:00гө чейин төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, катталуу зарыл: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdeNJguNcFQsZEzIdtZHu684DM3d-H7o1FF6Ltu6h4r4_67Vg/viewform?usp=header
Сиз жана Сиздин демилге үчүн кошумча бонустар
Катышуучулар үчүн билимдер жана тажрыйба алмашуу: Конкурс өткөрүү мезгилинде бардык катышуучулар төмөнкү темалар боюнча онлайн-семинарларга катышууга чакырылат (каалоо боюнча):
| Тема | Датасы | Сааты | Датасы | Сааты |
|---|---|---|---|---|
|
СЭӨП иштеп чыгуу жана ЖӨБ системасында инклюзивдүүлүк (КРнын ЭКМн жана КР МКЖӨБИМА 2024-жылы 9-апрелиндеги №32 буйругу менен бекитилген методологиясына ылайык) |
22.05.2026-ж. | 15:00-16:30 | 29.05.2026-ж. | 15:00-16:30 |
| Аялдар ишкерлиги |
26.05.2026-ж. |
15:00-16:30 | 27.05.2026-ж. | 15:00-16:30 |
| Жергиликтүү демилгени каржылоо механизми | 02.06.2026-ж. | 15:00-16:30 | 05.06.2026-ж. | 15:00-16:30 |
| Жергиликтүү маанидеги маселелер: үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу | 09.06.2026-ж. | 15:00-16:30 | 11.06.2026-ж. | 15:00-16:30 |
Онлайн-семинарларга катышуу үчүн 2026-жылдын 24-апрелинде, саат 12:00гө чейин төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, катталуу зарыл: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdeNJguNcFQsZEzIdtZHu684DM3d-H7o1FF6Ltu6h4r4_67Vg/viewform?usp=header
Сиздин демилгенин тажрыйбасын жайылтуу жана жарыялоо: ӨСИ конкурска сунушталган жергиликтүү демилгелердин мисалдарын өз басылмаларында жарыялоого ниеттенет. Басылмаларда орун чектелүү болгондуктан, биз берилген тексттерди редакциялоо укугун өзүбүзгө калтырабыз. Ошондой эле жергиликтүү демилгелердин мыкты үлгүлөрү Конкурстун Уюштуруучуларынын маалымат ресурстарына жайгаштырылып, атайын иш-чараларда жеңүүчүлөр тарабынан көрсөтүлөт.