Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы менен кызматташтыкта, мамлекеттик кадр кызматын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жана 2030-жылга чейинки аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу чөйрөсүндө, «КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн» Өнөктөштүк программасынын колдоосу менен «Жергиликтүү кеңештин аял-депутатынын жергиликтүү демилгеси» аттуу сыныгын жарыялайт.
Сынакты өткөрүүнүн максаты: (1) жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү жана бүтүндөй жамаатты туруктуу өнүктүрүү, (2) гендердик теңдикти илгерилетүү, ошондой эле (3) аялдардын лидерлигин колдоо максатында жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттары тарабынан ишке ашырылып жаткан жергиликтүү демилгелердин мыкты тажрыйбаларын аныктоо жана колдоо.
Сынактын уюштуруучулары:
Өтүнмөлөр Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2025-жылдын 26-сентябрына чейин тапшырылышы керек.
Өтүнмө берүүнүн тартиби:
Катышуу үчүн белгиленген форма боюнча анкета-өтүнмөнү шилтеме аркылуу өтүү менен толтуруу же көрсөтүлгөн дарекке электрондук түрдө жөнөтүү керек (дареги төмөндө берилген ).
Сынактын жалпы байге фонду – 250 000 сом.
Байге Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган «КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн» Өнөктөштүк программасы тарабынан камсыздалды.
Бардык маалыматты Өнүктүрүү саясат институтуна төмөнкү дарегине берилиши керек:
Бишкек шаары, Шевченко көчөсү, 114, III кабат «Жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттарынын сынагы» темасы менен 2025-жылдын 26-сентябрына чейин тапшыруу зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн ӨСИнин боюнча адиси Жамиля Арбаналиева менен төмөнкү электрондук дарек аркылуу байланышсаңыздар болот: dzh.arbanalieva@dpi.kg.
Өтүнмөнү төмөнкү шилтеме боюнча ОНЛАЙН толтурууга да болот.