PSI: Швейцария Өкмөтү каржылап, ХЕЛЬВЕТАС Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен биргеликте ишке ашырып келаткан “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору төмөнкү категориялар боюнча товарларды жеткирүүгө тендер жарыялайт

01.08.2025 19:00 — 22.08.2025 17:00

Швейцария Өкмөтү каржылап, ХЕЛЬВЕТАС Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен биргеликте ишке ашырып келаткан “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору төмөнкү категориялар боюнча товарларды жеткирүүгө тендер жарыялайт: 

  • Инклюзивдүү, балдар жана спорт аянтчалары үчүн жабдууларды (35 позиция)
  • Эмерек, чарбалык жана курулуш материалдарын (7 позиция)
  • Компьютердик, кеңсе, мультимедиалык жана тиричилик техникаларын (29 позиция)
  •  Спорттук, диагностикалык жана фитнес жабдууларын (16 позиция)

Сатып алуунун максаты:

Долбоордун үчүнчү фазасын ишке ашыруунун алкагында пилоттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (ЖӨБО) социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) даярдоодо жана ишке ашырууда социалдык жана гендердик инклюзивдүүлүк принциптерин бекемдөөдө колдоо көрсөтүлөт.

Катышуучуларга коюлган талаптар:

  • Тендерге Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жергиликтүү компаниялар жана фирмалар катыша алышат;
  • Каттоо жана уюштуруучу документтеринин (каттоодон өткөнү жөнүндө күбөлүк, ИНН, патент ж.б.) толук пакети болууга тийиш;
  • Иш накталай эмес эсептешүү боюнча жүргүзүлөт (каражат алыш-бериш эсебине которулат);
  • Электрондук эсеп-фактуралар (ЭЭФ) милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш;
  • Баага жеткирүү кирбеши керек – товарды алып кетүүнү заказчы өз алдынча уюштурат;
  • Жогорудагы талаптарга жооп бербеген сунуштар каралбайт.

Өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү жана тартиби:

  • Финансылык сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү2025-жылдын 22-августу, саат 17:00гө чейин (GMT+6).
  • Жеткирүүнүн мөөнөтү: 2025-жылдын 30-сентябрынан кеч эмес

Коммерциялык сунуштарды жана тиешелүү суроолорду электрондук дарекке жөнөтүңүз: emir.cholukov@helvetas.org

жана телефон номери боюнча кайрыла аласыз: 0 559 977 781 (W/A)

Толук мүнөздөмөлөрү жана өзгөчөлүктөрү бар товарлардын толук тизмеси төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү:
https://drive.google.com/file/d/186UBY5yaqpavnlsyPLEMvAng8EKNPeLJ/view?usp=sharing

Уюштуруучулар тендердин талаптарына жооп бербеген ар кандай сунуштарды четке кагуу укугун өзүнө калтырышат.