LSGDPP: “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсу 2026-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар

14.07.2025 15:32 — 20.09.2025 18:00

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк (мындан ары – Өнөктөштүк) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары – КР ФМ) менен биргеликте “Жергиликтүү жамааттар үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсун (мындан ары – Конкурс) өткөрөт.

Конкурстун максаттары жана милдеттери

Конкурстун негизги максаты – жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрү эсепке алынуусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого жарандарды тартуу аркылуу жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбаларын аныктоо жана жайылтуу.

Конкурстун максаттары төмөнкүлөр:

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу жөнүндө конституциялык принциптин кеңири сакталуусуна көмөктөшүү (КР Конституциясынын 37-бер. 6-бөлүгү);
  • калктын реалдуу керектөөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарын пландаштыруу, бөлүштүрүү жана натыйжалуу башкаруу көндүмдөрүн бекемдөөгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү;
  • өз бюджетинин долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүүгө шаарлардын/айыл өкмөттөрүнүн тажрыйбасына жана каалоосуна колдоо көрсөтүү,
  • ЖӨБ органдарынын калк алдындагы ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө реалдуу катышкан жарандардын санын көбөйтүүгө көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди өнүктүрүүнү пландоодо жана түзүүдө ЖӨБ органдарынын гендердик өңүткө басым жасаган мамилесин калыптандырууга көмөктөшүү;
  • ЖӨБ органдарын IT технологияларды колдонуу менен калкты маалымдоонун инновациялык аспаптарын пайдаланууга шыктандыруу.

Конкурстун катышуучулары

Конкурска 2025-жылдын май-август айларында 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөргөн Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн бардык аткаруу органдары катыша алышат.

Конкурска катышуу үчүн ЖӨБ органдары ушул Жободо белгиленген тартипте өтүнмө жиберүүгө тийиш.

Тандоонун критерийлери

Өтүнмөлөр мазмунунун сапатына жараша жана тиркелген материалдардын негизинде бааланат.

Жеңүүчүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык аныкталат.

Байгелер

Конкурстун байге фонду (жыл сайын) 1 500 000 (бир миллион беш жүз) сомду түзөт. Байге фондунун каражаттарын Швейцариянын Өкмөтү каржылаган Өнөктөштүк бөлдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылат. Бул байгелер төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:

  • I орун – 300 000 сомдон ашпаган суммадагы байге;
  • II орун – 250 000 сомдон ашпаган суммадагы байге;
  • III орун – 200 000 сомдон ашпаган суммадагы байге;
  • Ар бири 75 000 сомдон көп эмес суммага шыктандыруучу байгелер.

Байге каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүүсүн жогорулатууга байланышкан кызмат көрсөтүүлөргө арналган товарларды сатып алууга колдонулса болот. Мындай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөр болушу мүмкүн: калк менен маалымат алмашууну жакшыртуу үчүн жабдуулар, үн күчөткүчтөр (колонкалар), микрофондор жана ушул өңдүү товарлар, коомчулукту кабарландыруу системалары; суу менен камсыздоо, таштанды чогултуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу чөйрөлөрүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөр, анын ичинде муниципалдык ишканалар үчүн жабдуулар; муниципалдык мекемелер (мектептер, бала бакчалар, музыкалык жана спорттук мектептер) үчүн жабдуулар жана буюмдар; жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессинде калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын катышуусун жогорулатуу үчүн жабдуулар жана шаймандар.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн суроо-талабы боюнча Өнөктөштүк байге каражаттарын пайдалануунун башка варианттарын карай алат. Байге каражаттарын курулуш-ремонт иштерин каржылоо, эмгек акы төлөө же иш сапарлары үчүн пайдаланууга болбойт.

Өнөктөштүк Конкурстун жеңүүчүлөрү менен байге каражаттарын пайдалануу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Товарлар Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сатып алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп берилет. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Өнөктөштүк өзүнүн сатып алуулар жол-жобосун ылайык сатып алат.

Милдеттүү шарт – байгени алгандан кийин бир (1) айдын ичинде алынган байгелерди пайдалануу менен жүргүзүлүп жаткан иштер же өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө отчет берилиши керек.

Өнөктөштүк конкурстун байге фондун толугу менен пайдаланбоо укугун өзүнө калтырат.

Долбоордук өтүнмөнү берүүнүн мөөнөттөрү

Төмөндө көрсөтүлгөн форма боюнча электрондук түрдө өтүнмөлөрдү жана тиешелүү тиркемелерди долбоорду ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2025-жылдын 1-сентябрынан 20-сентябрына чейинки аралыкта ӨСИнин адиси Азамат Мамытовго жибериш керек.

Дареги: Бишкек ш., Шевченко көч., 114-үй, III кабат.  Тел.: (0312) 97-65-30 (31, 32), (770) 771114 Факс: 97-65-29 же электрондук дареги: AMamytov@dpi.kg

ЖҮКТӨП АЛУУ ШИЛТЕМЕСИ