“Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу” деген аталыштагы Форуму

02.07.2018 10:53 — 03.07.2018 09:00

Тема: “Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу”

Иш-чара: 100 ЖӨБ органы (шаарлар жана айыл аймактар) эффективдүү регионалдык өнүгүү үчүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин талкуулашат.

Күнү: 2018-жылдын 2-июлу 

Сааты: 09:00 – 17:30

Орду: Бишкек шаары, “Парк-отель” мейманканасы, Ball room залы

Кененирээк: Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылынын ортосунда өлкөнүн ар бир району жана дээрлик бардык шаарлары өз жетекчилерин форумга жиберишти. Бул форумда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү ишинде мамлекет менен өз ара аракеттенүүсү талкууланат. Борбордук бийлик кандай гана демилгелерди көтөрбөсүн, Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыктары ЖӨБ органдары канчалык уюшуп, үндөшүп жана эффективдүү иштегенинен көз каранды болот. Себеби ЖӨБ органдары жамааттардын турмуш тиричилигиндеги көптөгөн маселелер үчүн жооп берет жана алардан шаарлардагы, айылдардагы жашоо шарттар көз каранды.

Форумдун программасында ЖӨБ органдары өз миссиясын аткарууда алардын саясий, административдик жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо; ЖӨБ үчүн аймактык өнүгүүнүн маңызы жана багыттары жөнүндө билдирүү бар. Форумдун экинчи бөлүгүндө катышуучулар ЖӨБдүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүнүн конкреттүү механизмдерин талкуулашат.

Форумга финансылык колдоону Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги көрсөтүүдө. Форумдун уюштуруучулары Швейцария ушул тапта жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө өлкөгө масштабдуу жардам көрсөтүп келатканын белгилешет.

 

Проект: