Бюджетке келген салымдар

14.08.2019 11:30
Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Максатбек Орозалиев: "Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында беш коомдук-пайдалуу долбоорго Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен 1 миллион сом бөлүндү"

Ош шаарынын мэриясы USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылуучу “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык заказды ишке ашыруу боюнча потенциалын чыңдоо” долбоорунун өнөктөшү.

Долбоордун алкагында ӨСИ артыкчылыктуу проблемаларды аныктоодон баштап жана КЭУларды тандоо жана долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен аяктап, ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык колдоо көрсөтөт. Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.