Мамлекеттик жана коомдук уюмдар Кыргыз Республикасында жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн мамлекеттик социалдык заказ аркылуу кызматташууда

05.11.2019 09:30
Нургуль Жaманкулова,
Маалыматтык саясат боюнча адис,
Өнүгүү саясаты институту
моб.: +996 (555) 313-385; +996 (770) 771-711
Эл. дареги: njamankulova@dpi.kg
Мамлекеттик жана коомдук уюмдар Кыргыз Республикасында жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн мамлекеттик социалдык заказ аркылуу кызматташууда

Бишкек. 2019-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (ЭСӨМ) мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) боюнча конференция өткөрдү. Ага өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын 100дөн ашык өкүлү катышты. Конференция мамлекеттик социалдык заказ калктын кыйла аялуу топтору сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсү үчүн өкмөттүн жарандык коом уюмдары менен кызматташуусуна мүмкүндүк берүүчү эффективдүү механизм болуп калгандыгын ырастады. Иш-чара USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын жана Өнүктүрүү саясат институтунун (www.dpi.kg) колдоосунда өткөрүлдү.

2013-жылы КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бюджетинин жалпы суммасы 13,9 млн. сом менен мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруучу жападан жалгыз мамлекеттик орган болгон. 2019-жылы үч мамлекеттик орган (ЭСӨМ, Жаштар, спорт жана дене тарбия иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана Саламаттык сактоо министрлиги) жана беш муниципалитет жалпы бюджети 43,8 млн. сом менен МСЗны ишке киргизишти. Билим берүү министрлиги балдардын мектепке чейинки билим алууга жетүүсүн кеңейтүү максатында өзүнүн мамлекеттик социалдык заказ программасын иштеп чыкты жана муктаж болгон үй-бүлөлөргө социалдык ваучерлерди берүүнү пландаштырууда.

2017-жылдан тартып Өнүктүрүү саясат институту USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, муниципалитеттерге жана жарандык коом уюмдарына улуттук жана муниципалдык деңгээлде социалдык заказ механизмдерин ишке киргизүүгө жардам берүүдө. Улуттук деңгээлде МСЗнын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү жол-жоболору, МСЗны аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар менен ЭСӨМдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдери жакшыртылды, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда иштелип чыккан МСЗ жөнүндө Мыйзамды колдонуу тажрыйбасына баа берилди. Жергиликтүү деңгээлде Баткен, Кочкор-Ата, Ош, Каракол шаарлары, ошондой эле Узун-Кыр, Ленин жана Кызыл-Октябрь айыл аймактары долбоордун катышуучулары болду. 2019-жылы катышуучу муниципалитеттер жергиликтүү бюджеттен жалпы суммасы 1 950 000 сомго социалдык керектөөлөргө он социалдык грант бөлүп берди. Алар мигранттардын балдарына, майып балдарга, үй-жайсыздарга, улгайган адамдарга, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына жана калктын башка социалдык аялуу топторуна колдоо көрсөтүүгө багытталды. Жергиликтүү кеңештердин инновациялык ыкмаларды ишке киргизүүнү колдоого алгандыгы, МСЗнын муниципалдык программаларын жактыргандыгы маанилүү болуп саналат.

“Мамлекеттик социалдык заказ биз үчүн жаңы механизм болуп саналат, социалдык заказ – бул муктаж болгон адамдардын артыкчылыктуу социалдык проблемаларын чечүү процессине жарандык коом уюмдарын тартуу, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик эмес жеткирип берүүчүлөрүнүн рыногун өнүктүрүү, социалдык өнүктүрүү боюнча курч маселелерди чечүүнүн инновациялык методдорун колдонуу мүмкүндүгү”, - деди Каракол шаарынын вице-мэри Гульназ Орозова.

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Скачать: