Каракол шаарынын мэриясы эки социалдык долбоорду ишке киргизүүдө

18.07.2019 09:21
Жайылтуу үчүн:
2019-жылдын 18-июлу Нургуль Жаманкулова,
Маалыматтык саясат боюнча адис
Өнүгүү саясаты институту (DPI | ӨСИ)
Моб.: +996 (555) 313-385; +996 (770) 771-711
Эл. дареги: NJamankulova@dpi.kg
Каракол шаарынын мэриясы эки социалдык долбоорду ишке киргизүүдө

Каракол шаарынын мэриясы эки коомдук-пайдалуу долбоорду ишке киргизүүдө, алар мамлекеттик социалдык заказ1 (МСЗ) механизми аркылуу ишке ашырылат. Конкурстун жыйынтыгы боюнча “Балдарга тирек” коомдук фонду “Эмгек миграциясында жүргөн ата-энелердин балдары” долбоорун, ал эми “Улукман дарыгер” коомдук бирикмеси “Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары болгон аялдар” долбоорун ишке ашыруу үчүн тандалып алынды.

“Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинен эки долбоорду ишке ашырууга бөлүнгөн жалпы сумма 400 миң сомду түзөт. Долбоорлор жылдын аягына чейин ишке ашырылат. Жакынкы мезгилде белгилүү бир жашаган жери жок адамдар менен иштөөгө багытталган “Коомдук тартипти сактоо” аттуу үчүнчү долбоорго конкурс жарыяланат”, - деди Каракол шаарынын финансылык башкармалыгынын начальниги Г. Толумбекова.

Каракол шаары артыкчылыктуу социалдык проблемаларды чечүүгө тартуу аркылуу коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) менен кызматташуунун жаңы формасын колдонгон Кыргызстандын тарыхында үчүнчү шаар болуп калды. Бул учурда Караколдун мэриясы эмгек мигранттарынын балдарынын кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча КЭУлардан идеяларды жана сунуштарды алуу милдетин алдына койду.

Каракол USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Өнүгүү саясаты институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылуучу “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык заказды ишке ашыруу боюнча потенциалын чыңдоо” долбоорунун өнөктөшү болуп саналат. ӨСИ мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказ тажрыйбасын колдонууга даяр болгон муниципалитеттерди тандап алды жана артыкчылыктуу проблемаларды аныктоодон тартып КЭУларды тандап алуу жана долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен аяктап, ишке ашыруунун бардык этабында консультациялык колдоо көрсөтүп турат.

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы жарандык коом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөктөшөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасындагы Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

1 2017-жылы “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен муниципалитеттин аймагында социалдык проблемаларды чечүү үчүн социалдык заказды жайгаштырууга мүмкүндүк берет.

Скачать: