Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын форуму

03.07.2018 09:29
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын форуму

100 ЖӨБ органы (шаарлар жана айыл аймактар) эффективдүү регионалдык өнүгүү үчүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин талкуулашат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 2018-жылдагы эң маанилүү жыйыны 3-июлда “Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу” аттуу Форумдун алкагында Бишкектеги “Парк-отель” мейманканасында өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылынын ортосунда өлкөнүн ар бир району жана дээрлик бардык шаарлары өз жетекчилерин форумга жиберишти. Бул форумда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү ишинде мамлекет менен өз ара аракеттенүүсү талкууланат. Борбордук бийлик кандай гана демилгелерди көтөрбөсүн, Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыктары ЖӨБ органдары канчалык уюшуп, үндөшүп жана эффективдүү иштегенинен көз каранды болот. Себеби ЖӨБ органдары жамааттардын турмуш тиричилигиндеги көптөгөн маселелер үчүн жооп берет жана алардан шаарлардагы, айылдардагы жашоо шарттар көз каранды.

КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору (ЖӨБЭММА, Форумдун уюштуруучусу) Бахтияр САЛИЕВ буларды белгиледи: “Аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун ийгилигин камсыз кылуу максатында ЖӨБ органдары үчүн мамлекет эмнелерди жасай аларын түшүнүү үчүн Форумду өткөрүүгө зарылчылык болду. Ошол эле маалда форум ЖӨБ органдары өзгөрүүлөргө карата өз даярдыгын өздөрү баалап, өз ролуна сын көз менен карап, жергиликтүү жамааттардагы иштин абалы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга даярдыгын текшерип, эртеңки күндү баамдай алуусу үчүн бул Форумду өткөрүп жатабыз. Бүгүн коммуналдык-чарба түйшүктөрүнүн алкагында кала берүүгө болбойт. Аймактардын комплекстүү өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти алууга мезгил жетти. Бул үчүн башкаруунун бардык деңгээлдеринде мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн эффективдүү механизмдери зарыл болуп турат. Жарандар жана өлкө үчүн маанилүү болгон башкаруудагы ар бир маселе кечиктирилбестен, жоопкерчиликти бир ведомостводон экинчисине, ЖӨБ органынан мамлекетке же тескерисинче оодарбастан, сапаттуу жана эффективдүү чечиле тургандай кылыш керек”.

КР ЖӨБ Союзунун аткаруучу директору (Форумдун уюштуруучусу) Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ аймактык өнүгүү ЖӨБ органына таянышы керек, Кыргыз Республикасы үчүн улуттун кызыкчылыктары менен жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары ортосундагы балансты издөө зарылчылыгы бышып жетилгенин белгилейт. Мында өлкөнүн жана улуттун байлыгы жана көп түрдүүлүгү жатат: “Жергиликтүү жамааттар менен мамлекет ортосунда диалог зарыл. Бирок мамлекет ар бир жамаат менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албайт. Ошондуктан муниципалдык ассоциациянын – ЖӨБ Союзунун ролу жана мааниси кескин өстү. Биз сынакка даярбыз жана форумда өз биримдигибизди жана жетилгенибизди көрсөтө алабыз деп ишенем”.

Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы (Форумдун уюштуруучусу) Надежда ДОБРЕЦОВА буларды белгиледи: “Биз жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары мамлекеттик саясатта чагылдырылышы керектигин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул үчүн ЖӨБ органдары менен мамлекет ортосунда саясий диалог, туруктуу жана эффективдүү өз ара аракеттенүү талап кылынат. Конституция ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын ажыраткан. Бирок бул ишти бөлүү үчүн эмес, агартуучулук, так жана уюшкан иш жасоо, бийликтин ар бир бөлүгү өз милдетин билип, сапаттуу иштей алган, ошондой эле башка бөлүктөр менен иш алып бара алган системаны түзүү максатын көздөйт”.

Форумдун программасында ЖӨБ органдары өз миссиясын аткарууда алардын саясий, административдик жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо; ЖӨБ үчүн аймактык өнүгүүнүн маңызы жана багыттары жөнүндө билдирүү бар. Форумдун экинчи бөлүгүндө катышуучулар ЖӨБдүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүнүн конкреттүү механизмдерин талкуулашат.

Форумга финансылык колдоону Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги көрсөтүүдө. Форумдун уюштуруучулары Швейцария ушул тапта жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө өлкөгө масштабдуу жардам көрсөтүп келатканын белгилешет.

Скачать: