Кыргызстандын шаарларынын мэриялары коомдук уюмдарга социалдык демилгелерди заказ кылышууда

27.06.2018 14:40
Тез арада жайылтуу үчүн: Кошумча маалымат алуу үчүн:
2018-жылдын 27-июну. Нургуль Джаманкулова,
Өнүктүрүү саясат институтунун (DPI | ӨСИ)
маалыматтык саясат боюнча адиси
Моб.: +996 (555) 313-385; +996 (770) 771-711
Эл. дареги: NJamankulova@dpi.kg
Кыргызстандын шаарларынын мэриялары коомдук уюмдарга социалдык демилгелерди заказ кылышууда

Бишкек – 2018-жылдын 29-июнунда саат 11:00-до «Кабар» маалымат агенттигинде Кыргызстандын журналисттери үчүн пресс-сессия болот, анда журналисттер Баткен, Каракол жана Кочкор-Ата шаарларынын жетекчилеринен жарандык коом уюмдары үчүн “Мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) жөнүндө” КР Мыйзамынын алкагында коомдук-пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс тууралуу толук маалымат алышат.

Баткен, Каракол жана Кочкор-Ата шаарларынын мэриялары жарандык коомду артыкчылыктуу социалдык проблемаларды чечүүгө тартуу менен алар менен кызматташуунун жаңы формаларын ишке киргизүүдө  эң  алгачкы муниципалитеттерден болушат. Баткен шаарынын мэриясы Баткен шаарындагы таштанды көйгөйүн стандарттуу эмес чыгармачылык менен чечүүнү сунуштай турган коммерциялык эмес уюмдарды кызматташууга чакырат, ал эми Кочкор-Ата шаарынын мэриясы болсо Кочкор-Ата шаарындагы оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдөн чыккан өспүрүмдөрдүн проблемаларын чечүүнү издейт. Каракол шаарынын мэриясы да өзүнүн артыкчылыктуу проблемаларын аныктаган: колдоосу жок аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана селсаяктар. Жергиликтүү бюджеттен каражаттар ушул проблемалардын бирин чечүүгө бөлүнгөн, аны алар коммерциялык эмес уюм менен өнөктөштүктө МСЗ аркылуу чечишет.

“Биз шаар тургундарынын таштандыга карата мамилесин өзгөртүүнү каалайбыз, бул чыгармачылык мамилени талап кыла турган оор маселе. Ошондуктан биз жардам сурап өкмөттүк эмес уюмдарга кайрылууну чечтик. Биз ушундай өнөктөштүк Баткенди өнүктүрүү жана анын көптөгөн проблемаларын чечүү үчүн мэриянын, шаардык кеңештин жана коомдук жана коммерциялык уюмдардын атынан шаар тургундарынын узак мөөнөттүү биргелешкен ишин курууда алгачкы кадам болот деп ишенебиз”, - дейт Баткен шаарынын башчысы, мэр Мамыржан Рахимов.

Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Чыныгүл Турдуматова төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: “Биз үй-бүлө жана мектеп аркылуу таасир этүүнүн салттуу методдору менен гана өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө жетишүү абдан оор деп чечтик. Алардын массалык маданиятта, көчөдө баалуулуктары башкада. Ошондуктан биз жарандык коом уюмдарына кайрылууну чечтик, алар оор турмуштук кырдаалга кабылган өспүрүмдөргө жашоосунда багыт алууда, ийгиликке жана өнүгүүгө карай жолду тандап алууда жардам бериши үчүн аларга таасир этүүнүн стандарттуу эмес инновациялык мамиле кылууларды сунуш кылышат. КЭУда долбоорду заказ кылуу – бул биз үчүн жаңы тажрыйба, кызматташтык кандай болооруна тынчсызданып  турабыз, бирок жакшы натыйжаны күтүп турабыз”.

2017-жылы “Мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) жөнүндө” Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган жана үч шаар МСЗны муниципалдык деңгээлде ишке ашырууда жол салуучулардан болуп калды. Баткен, Каракол жана Кочкор-Ата шаарларынын мэриялары USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылуучу “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык заказды ишке ашыруу боюнча потенциалын чыңдоо” долбоорунун өнөктөштөрү болуп калышты. ӨСИ артыкчылыктуу проблемаларды аныктоодон баштап жана КЭУларды тандоо жана долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен аяктап, ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык колдоо көрсөтөт.       

Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Скачать: