Швейцария жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууну колдойт

18.07.2017 10:04
ПРЕСС-РЕЛИЗ
2017-жылдын 18-июлу
Бишкек, Кыргызстан
Швейцария жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууну колдойт

2017-жылдын 18-июлунда Улахол айылдык аймагынын Оттук айылынын жана ага жакын жайгашкан Кара-Шаар айылынын 3 500 жашоочусу үчүн маданий борбордун расмий ачылышы болот. Маданий борбордун бош убакытты өткөрүү жана маданият чөйрөлөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрү Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгынын финансылык колдоосу менен жакшыртылды. Расмий ачылыш аземине аймактын жашоочулары, айыл өкмөттүн жана жергиликтүү кеңештин, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле долбоорду аткарган HELVETAS Swiss Intercooperation уюмунун жана Өнүктүрүү саясат институтунун кызматкерлери катышат.

Улахол айылдык аймагы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча мыкты Аракеттер планына жарыяланган конкурста жеңүүчү деп табылган. Бул конкурс Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы каржылаган, HELVETAS Swiss Intercooperation Филиалынан жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган консорциум аткарган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Аракеттер планы системалык усул болуп эсептелет. Ал мамлекеттик жана муниципалдык артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоого, ошондой эле аларды уюштуруу жана аткаруу иштерин пландап, жакшыртууга жол берет.

Маданий борбор бий, тил курстары жана башка билим берүүчү иш-чаралар өңдүү бош убакытты өткөрүү жана маданият чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтөт. Ал ошондой эле өзүнө балдар үчүн оюн аянтчасын жана WI-FI зонасын камтыйт.

“Ушул күндөн баштап Оттук жана Кара-Шаар айылдарынын жашоочулары маданий чөйрөдө сапаттуу жана жетимдүү кызмат көрсөтүүлөрдү алалышат. Борбордо мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Алар эми айылдын маданий турмушуна жигердүү катыша алышат. Буга чейин айылда алар үчүн эч нерсе жок болчу”, - деп белгилейт Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Маматкеримов Акылбек. “Мурда кыз-жигиттер кечки убакытты кантип өткөрөрүн билбей убара болчу. Айрымдары футбол ойносо, калгандары үйүндө отурчу. Эми болсо алар жолугушуп, баарлашып, дараметтерин өнүктүрө ала турган жер бар”.

Улахол айылдык аймагында долбоор жергиликтүү артыкчылыктарды эсепке алуу менен бош убакытты өткөрүү жана маданият чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнүн узак мөөнөттүү планын түзүү боюнча кошумча консультациялык жардам берүүдө.

“Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үзгүлтүксүз процесс экенин унутпаш керек. Бул жерде сөз жаңы жабдууну сатып алуу же инфраструктура объекттеринин ремонту жөнүндө гана жүргөн жок. Биринчи кезекте муниципалитеттин бардык жашоочуларына жеткиликтүү болгон сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан талаптагыдай башкаруу жөнүндө сөз жүрүүдө. Бул кызмат көрсөтүүлөр туруктуу негизде жеткирилет”, - деп айтты Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ренэ Холенштайн.

Долбоор республика боюнча жалпы суммасы 91 миллион сомдон ашык каражатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча 35 аракеттер планын колдоп келатат. Болгондо да муниципалитеттердин өз салымы дээрлик 28 миллион сомду, б.а. 30% түзөт. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн катарында таза сууга туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча тогуз демилгени, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча 12 кызмат көрсөтүүнү, муниципалитеттерди абаттоо боюнча алты планды ж.б. белгилей кетсе болот.

***

Толук маалымат алуу үчүн: Асель Мамбетова, Долбоордун жетекчиси, тел.: 312 214572, моб.: 0777 32 39 50, эл.дареги:  AMambetova@dpi.kg                                                                                                                                                                                                                           

***

Швейцария Өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө көмөктөшүп, саламаттык сактоо, жеке секторду өнүктүрүү, мамлекеттик секторду реформалоо жана инфраструктура өңдүү тармактардагы долбоорлорду колдоп келет.

Скачать:
Проект: